Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында кылмыштуу топтун ишкерди тоногон 2 мүчөсү кармалды. Мындай маалыматты облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерди тапанча менен коркутуп, ур-токмокко алышкан.
“Атайын жүргүзүлгөн “Разбойник” операциянын негизинде Кочкор-Атада самса бышырып сатып тиричилик кылган жаранды карактагандар боюнча кылмыш иштин бети ачылды. Кылмышты иликтөө учурунда кылмыштуу топтун “Зама” жана “Акмаль” деген каймана аттуу мүчөлөрү жабырлануучуну шаар четине алып барып ур-токмокко алып, тапанча менен коркутканы жана 16 000 сом акчасын алып, 5 миң АКШ долларына салык салганы аныкталган”,- деп жазылат маалыматта.
Жасалган каракчылык фактысы боюнча шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Белгилеп кетүүчү жагдай, мындагы кылмышка шектүү 2 жаран буга чейин ички иштер министрлигинде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.
“Взгляд”