Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Боронов: маршруткаларга каршы катуу чара көрүү керек

Жаңылыктар
47
0

Премьер-министр мэрия жетекчилигин турак жайларды дезинфекциялоо боюнча начар иштегендигин сынга алып, чараларды күчөтүүнү талап кылды.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаары менен Чүй облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча жыйын учурунда

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаары менен Чүй облусундагы  эпидемиологиялык кооптуу абал боюнча жыйында санитардык талаптарды сактабай жаткан маршруткалардын айдоочуларына катуу чара көрүүнү айткан. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жүргүнчүлөрдү салонго 60-70 пайыз салуу талабын эч аткарбай жаткан жеке транспорттук компанияларга таандык маршруттук таксилерге карата катуу чараларды көрүү керек. Маршруттук автоунаалар адамдарды толтуруп салып алганын көрүп жатабыз. Бул жаатта тармактык кызматтарга жеке компанияларга карата белгилүү бир мезгилге лицензиядан ажыратууга чейинки таасир этүү механизмдерин карап чыгууну сунуштайм", —  деген Боронов.

Премьер-министр мэрдин турак жайлардын короолорун, көп батирлүү үйлөрдүн балдар аянтчаларын дезинфекциялабай жаткан ишин сынга алып, бул жаатта чараларды күчөтүүнү талап кылган.

Аны менен катар эле санитардык ченемдерди сактабаган коомдук тамактануу жайларынын, май куюучу бекеттердин иши тийиштүү көзөмөлдөнбөй жатканы айтылды.

 

Кеңешменин жүрүшүндө бала бакчалардын иштөөсүнүн максаттуу маселеси көтөрүлгөн. Кырдаалды талдап чыккан соң, алар боюнча чечим кабыл алынары айтылган.

Өкмөт башчы жарандарды, айрыкча өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарды мүмкүн болушунча коомдук жайларга барбай, үйдө болууга чакырган.

Соңку статистика боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 2981ге жетип, анын ичинен 1981 адам айыгып чыкты.

Тилекке каршы, 35 адам ажал тапты.

Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин өкмөт башчы болуп дайындалган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын министрлер кабинетинин башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу баарлашканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Арипов Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

 

Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланганы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин премьер-министр болуп дайындалган.


Боронов: COVID жуктургандар көбөйүшү мүмкүн, ооруканаларда орун даярдоо керек

Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында

Премьер-министр оору жуктуруп алгандардын саны барган сайын өсүп жатканын айтып, бардык кырдаалга даяр туруу керектигин баса белгилеген.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, оору жуктуруп алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Ошондуктан шаарда да, аймактарда да бейтаптар жаткырылчу жайларды даярдоо керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында Кубатбек Боронов тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарылдыгын да баса белгилеген.

"Социалдык тармактарда тигил же бул оорукана бейтаптарды кабыл албай жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Азырынча мындай көрүнүштөр сейрек кездешүүдө. Бирок абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек. Ошол учурда орундардын жетишсиздик маселеси жаралышы мүмкүн. Медициналык тез жардамдын ишин координациялоо зарыл. Ооруп жаткан адамга чыгып жаткан ар бир дарыгерлер тобу коронавирус инфекциясы аныкталган учурда бейтапты кайда жайгаштыруусун так билүүсү керек", — деди өкмөт башчы.
Премьер-министр оору жуктуруп алгандардын саны барган сайын өсүп жатканын да айткан.

 

"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, оору жуктуруп алгандардын саны өсүшү мүмкүн. Ошондуктан бейтаптар жаткырылчу жайларды даярдоо керек. Бул өлкөнүн бардык аймактарына тийиштүү. Ошол эле учурда медиктерди унутпай, алар үчүн "таза зоналардагы" шарттарды жакшыртуу керек. Бейтаптын абалы ак халатчандардан көз каранды", — деди Боронов.

Ал тийиштүү органдарга санитардык талаптар жана аралыкты сактоо боюнча маалыматтык кампанияны күчтөндүрүү тапшырмасын берген.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200621/1048748257/boronov-oorugandar-kobojot-orun-dayardagyla.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно