Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Мекендештер Жээнбековду издеп... Жеңиш парадындагы маанилүү учурлардын топтому

Жаңылыктар
56
0

Кыргызстан салтанаттын маанилүү учурларынын топтомун сунуштайт.

Советтик өлкөлөрдүн баарында Жеңиш парадынын өзгөчө орду бар. Согуштан кийин аскердик бул салтанаттар мааракелик жылдары гана болсо, 1995-жылдан тарта жыл сайын өткөрүү салтка айланган.

Быйыл тарыхта биринчи жолу мааракелик парад эң алгачкы жүрүш өткөн күнгө туш келип отурат. Мындан туура 75 жыл илгери, тагыраагы, 1945-жылы 24-июнда Москва убактысы боюнча саат 10.00дө (Бишкек убактысы 13.00) жеңиштин урматына аскердик парад өткөн эле.

Военнослужащие парадных расчетов перед началом военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
ФОТОХОСТ-АГЕНТСТВО
Мындан туура 75 жыл илгери, тагыраагы, 1945-жылы 24-июнда Москва убактысы боюнча саат 10.00дө жеңиштин урматына аскердик парад өткөн эле

Бүгүн эл экран аркылуу иш-чаранын негизги бөлүгүн эле эмес, башталганга чейинки учурларды дагы көрө алышты. Себеби трансляция белгиленген убакыттан жарым саат мурда башталган. Иш-чара расмий ачылгандан кийин 75 жыл мурда бир муштум болуп биригип, душмандын мизин кайтарган өлкөлөрдүн башчылары Кремлге катарлаш басып келе баштады. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы болду. Бул ирет ал биринчи жолу бет кап тагынып коомчулукка чыкты. Андан соң мамлекет башчыны түз эфирден көрүүгө мүмкүн болгон жок. Жээнбековдон башка президенттердин баары чогулуп трибунага жөнөгөндө, кыргызстандыктар мамлекет башчынын караанын издеп таба алышкан жок. "Азыр көрүнсө керек" деген үмүт менен экранды акмалап отурушту.

Президент Киргизии Сооронбай Жээнбеков прибыл в Московский Кремль перед началом военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
ФОТОХОСТ-АГЕНТСТВО
Душмандын мизин кайтарган өлкөлөрдүн башчылары Кремлге катарлаш басып келе баштады. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы болду. Бул ирет ал биринчи жолу бет кап тагынып коомчулукка чыкты

Мамлекеттин башчылары ардагерлер менен учурашып, алар менен аралаша отурушту.

Туура саат 13.00дө аскердик музыканын коштоосунда салтанат башталды. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Aurus үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кызыл аянтка келип, парадга тизилгендерди Жеңиш күнү менен куттуктады. Андан соң Шойгу башкы кол башчы Владимир Путинге кайрылып, парадга даяр экени туурасында маалымат берди.

Министр обороны РФ Сергей Шойгу во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
ФОТОХОСТ-АГЕНТСТВО
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Aurus үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кызыл аянтка келип, парадга тизилгендерди Жеңиш күнү менен куттуктады

Башкы трибунага Путин чыгып сөз сүйлөдү, ал сөзүн жыйынтыктаары менен пушкалар атылды.

24 июня 2020. Президент РФ - верховный главнокомандующий вооруженными силами РФ Владимир Путин во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
ФОТОХОСТ-АГЕНТСТВО
Башкы трибунага Путин чыгып сөз сүйлөдү, ал сөзүн жыйынтыктаары менен пушкалар атылды

Ошентип жүрүш башталды да, эң биринчи Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кийилген форма менен аскерлер, согуш маалындагы дивизиянын байрагын көтөрүп чыгышты. Алардын артынан фашисттерди биргеликте жеңген өлкөлөрдүн жоокерлери параддан өтүштү.

Группа со штандартами фронтов (Военная академия Ракетных войск стратегического назначения) во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
ФОТОХОСТ-АГЕНТСТВО
Жүрүштө эң биринчи Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кийилген форма менен аскерлер, согуш маалындагы дивизиянын байрагын көтөрүп чыгышты

Ар бир мамлекеттин аскерлери чыгып жатканда экрандан алардын президенттерин көрсөтүп жатты. Кыргызстандыктар ушул учурда чоң үмүт менен Сооронбай Жээнбековду күтүштү, бирок мында дагы ал кадрдан көрүнгөн жок. Ал арада социалдык тармактарда бүдөмүк ойлор талкуунун башкы темасына айланып кетти.

Бир нече көз ирмемден кийин иштин чоо-жайы белгилүү болду. Көрсө, мамлекет башчыны коштоп барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталыптыр. Буга байланыштуу Жээнбеков парадга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алган экен



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200624/1048792123/zhenish-paradyndagy-maaniluu-uchurlar.htmlМосквадагы аскердик парадга Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты. Кыргыз жоокерлерин КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун начальниги, полковник Бекказы Түмөнбаев алып өттү. Чет элдиктердин жүрүшүн Өзбекстандын аскерлери жыйынтыктады. Андан соң Кызыл аянтта Россиянын аскердик техникалары гүүлдөгөн добуш менен жерди титирете кирди.

Москвадагы аскердик парадга Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты

Техникалардын жердеги жүрүшүн легендарлуу Т-34 танкы жана башка Улуу Ата Мекендик согушта колдонулган техникалар жол баштады. Анын артынан учурдагы заманбап техникаларды көрсөтүштү. Жалпысынан 234 транспорт параддан өттү, анын ичинен 24ү биринчи жолу коомчулукка көрсөтүлдү. Ал эми абадан 75 аскердик кубаттуу, тез жүргөн самолёт жана тик учак өттү.

Парад бир саат он беш мүнөткө созулду. Аягында Путин парадга катышкан аскерлердин кол башчыларына ыраазычылык билдирди.

Салтанат жыйынтыкталган соң Путин жана чакырылган коноктор – чет өлкөлүк лидерлер белгисиз жоокердин Кремль дубалындагы күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Парад бир саат он беш мүнөткө созулду. Салтанат жыйынтыкталган соң Путин жана чакырылган коноктор – чет өлкөлүк лидерлер белгисиз жоокердин Кремль дубалындагы күмбөзүнө гүлчамбар койду

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200624/1048792123/zhenish-paradyndagy-maaniluu-uchurlar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно