Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:56
Мамбетов Ошту, Сарыбашов Бишкекти бийлейт
21:53
Тажикстандын Кыргызстан менен соода жүгүртүүсү 4 млн долларга кыскарды
21:47
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!
19:44
Аскар Акаев Кыргызстанга келди, ал УКМКга жеткирилди
19:44
Аскар Акаев Кыргызстанга келди, ал УКМКга жеткирилди
19:41
Бишкектин мэринин м.а. болуп Таалайбек Сарыбашов дайындалды
19:39
Жапаров ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Роговду кабыл алды
22:10
Францияда COVID-19 чараларына каршы акцияга он миңдеген киши катышты
22:08
Жапаров менен Ташиевдин Ысык-Көлдө скутер тээп эс алган сүрөтү
22:07
Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар
22:06
Финалга чыга албай калды. Айпери Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшөт
20:50
Министрлер кабинетинин башчысы «Чынгыз-Ордо» комплексинин курулушу менен таанышты
20:48
Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалы ачылат
19:08
Улукбек Марипов Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты
19:02
Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды
19:00
Чүйдө беш үйдү тоноого шектелип төрт адам кармалды, бирөө өспүрүм
18:58
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
22:14
MegaCom жана 3 банктагы үлүштү сатуу боюнча мыйзам долбоор парламентке түштү
22:14
Акимдер чуусу. Депутаттар Жапаров сунуштаган 4 мыйзамды колдоого макул болду
22:13
Бостериге бир күнгө барып набыт болгон бала. Аким аквапарк боюнча жооп берди
22:12
Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек
18:50
«Манас» аэропортунун биринчи жарым жылдыктагы кирешеси 1,6 млрд сомдон ашты
18:48
Шайлоо -21: Чайдан кийин жибиген мамиле, көтөрүлгөн босого чек
18:43
Акылбек Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады
18:42
Кадыр Маликов муфтийдин орун басарлык кызматынан кетүүнү чечти. Себеби
18:41
Мен сизге окшобойм! Шайлдабекова депутаттарга тиш кайрап спикерден эскертүү алды
18:40
QazVac вакцинасын жеткирип келген казак окумуштуусу препарат тууралуу айтып берди
16:06
Токтогул ГЭСине коюлуучу гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди
16:03
Сот Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн узартты
16:03
Депутат Төрөбай Зулпукаровдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды
16:02
Тажикстандын ТИМи афганистандыктарды кабыл алуу боюнча үн катты
16:01
"Кыргыз темир жолу" жаңы вагондор менен тепловоздорду сатып алат
16:00
Жапаров Масадыковду кабыл алып, аны кызматка дайындаган максатын түшүндүрдү
23:14
Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады
23:14
Баткендеги атышуу: Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара жетекчилери сүйлөштү
23:13
Дастан Жумабеков Көк бөрү федерациясынын Таластагы жетекчиси болуп шайланды
23:10
Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек? Министрлик сунуштаган 10 кеңеш
23:08
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот
23:06
ИИМ башчысынын орун басары Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды
16:01
Бишкек: каржылык пирамида түзгөн шектүүлөр кармалды. Акчанын суммасы асман чапчыйт
16:00
Жактоочу: Атамбаев 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө
16:00
Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, Кыргызстанга чакырды
15:59
УКМК: бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду
12:06
Министрликтер Германиянын компаниялары менен онлайн режиминде жолугушууларды өткөрөт
12:04
“Фактчек”: көлдө Жапаров менен сүрөткө анын ири демөөрчүсү түшкөн
Бардык кабарлар

Жаныңыздагы 2-3 кишиге ишенсеңиз жаңыласыз! Депутат Рысалиев Жээнбековго кайрылды

Жаңылыктар
183
0

Депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин трибунасынан сөз алып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Ал Таластагы "Манас ордого” жана "Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлган эстеликтер коомго терс түшүнүктөрдү таңуулап жатканын белгилейт.

"Үч айдан бери ушуну ойлонуп жүрдүм, убакыт-сааты чыкпай отуруп бүгүн акыркы сессияда айтууну чечтим. Бүгүн, Сооронбай Шарипович, сиз Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз. "Манас ордо” 1995-жылы курулган, ошондон бери бир дагы өзгөрүү жок. Манас атабыз найзасына таянып Аккуласы жок турат. Каныкей энебиз, Бакай атабыз, Кошой атабыз, Алмамбет баатырыбыз жөө турат. Эгер Манас казак, түркмөн же өзбек уруусунан болуп калса ушундай мамиле жасайт беле? Жок, себеби Манас элди, жерди түптөгөн адам”, — деп сөзүн баштады Рысалиев.

Мындан улам депутат президентке жөө турган баатырлардын атка минип отурган эстелигин коюну сунуштап, алардын минтип турушу чоң намыс жана уят иш экенин эскертти.

Андан сырткары эл өкүлү "Ата-Бейитте” түндүк жерге түшүп, үзөңгү үзүлүп жана көз жаш төгүлгөн эстеликтер турганына кейиди.

"Кыргызда "түндүгүң түшкүр”, "үзөңгүң үзүлгүр”, "көз жашың кан болуп аксын” деген каргыш сөздөр бар. Тилекке каршы, ушул үчөө тең эстелик болуп турат. Биринчи түндүгүбүз Аскар Акаев, экинчиси Курманбек Бакиевдин тушунан бери жерде жатат, үзүлгөн үзөңгүлөр Алмазбек Атамбаевдин учурунан бери илинип турат. Үч президенттин тагдыры эмне болгонун жакшы билебиз. Жакында Апрель революциясынын 10 жылдыгы болду, анда ачылган музейде энелердин көз жашы чагылдырылыптыр. Биздин качанкыга чейин эле көз жашыбыз тыйылбай, түндүгүбүз түшүп, үзөңгүбүз үзүлүп жүрө беребиз? Ушул жагыбызды оңдоп албайлыбы! Баатырлардын эрдик кылган тилегин эстеликке түшүрсөк болбойт беле? Сөзсүз көз жашын түшүрүш керекпи? Бул бизге душмандын жасаган иши деп ойлойм”, — деди депутат. 

Рысалиев мамлекет башчыдан бул иштерди көзөмөлгө алууну  суранды. Маселени президенттин жеке өзүнө айтуу үчүн жолугууга аракет кылып, бирок жанындагылары жолотпой койгонуна нааразы болду.

"Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен кирсем сизге өзүнчө айтат элем, бирок жаныңыздагылар киргизбей койду. Сизге айтарым, ошол тегерегиңиздеги эки-үч кишинин көзү менен көрүп, акылы менен туюп иштеп калсаңыз жаңыласыз. Сиздин жакыныңыз, сиз үчүн күйгөн киши катары суранам, иш тартибиңизди кичине өзгөртсөңүз. Өзгөчө ден соолук бир күнү сенден тескери караганда айтылчу сөздөр айтылып, кыла турган иштер жасалдыбы деп ойлонот экенсиң. Сизге ден соолук каалайм, Сооронбай Шарипович, мен айткандарды эсиңизге алып, команда берип бүтүрүп койсоңуз жакшы болмок”, — деди Рысалиев.

 

Ошондой эле депутат аталган көйгөй боюнча мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге айтканын, бирок ал эске албай коюп президентке кайрылып жатканын белгиледи.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200625/1048795422/depuat-rysaliev-zheenbekovgo-kayryldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно