Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев башка мамлекетке барууну каалагандар үчүн өлкөдөн чыгуу визасын жоюуну сунуштады. Президенттин жарлыгынын долбоору өкмөттүн сайтында жайгаштырылды.
Документке ылайык, союз маалынан калган эски мыйзамдан баш тартуу маселеси быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде каралат. Бирок текстте жаңы тартип кайсы мөөнөттөн тарта иштеп баштаары жазылган эмес.
Өлкөдөн чыгуу визасын Өзбекстан кенеш доорунан мурастап калган. Бул азыркыга чейин жарандар үчүн чоң кедерги жаратып келет. Кандай себеп болбосун тышка чыгууну каалаган жаран чек арадан өтүү үчүн бийликтен уруксат сурап гана тим болбой, ырааттуу түрдө визаны жаңылап турууга тийиш. Бул болсо узак убакытты талап кылып, бюрократиялык машакаттарды жаратат.
Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстанда гана ушул система сакталып калган.
Чыгуу визасын жоюу - өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин жаңы демилгелеринин бири.