Бүгүн, 25-январда Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жыл жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өтүп, ага КРдин вице-примьер министри Жеңиш Раззаков катышууда.
Коллегия алгач 16-январь күнү учак кырсыгынан каза болгон мекендештерди эскерүү менен башталды.
Азыркы тапта Жалал-Абад облусунун социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн облустагы алдыңкы кызматкерлери сыйланууда.
Күн тартибине ылайык, коллегиянын жүрүшүндө 2016-жылдын жыйынтыгы менен 2017-жылга аткарылчу милдеттер, ошол эле учурда санариптик телеберүүгө өтүү маселелери каралмакчы.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Взгляд”