Жалал-Абад облусунун аймагында өткөн 2016-жылдын ичинде 16 өспүрүм өз өмүрүнө кол салып, каза болгон. Бул тууралуу облустук коллегияда өкмөт өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов билдирди.
Маалыматка ылайык, өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн саны Майлуу-Суу шаарында бирөө болсо, Ала-Букада 2 факты катталган.
"Суицидге барган өспүрүмдөр Сузак районунда 3, Аксыда 1, Токтогулда 3, Чаткалда 1, Ноокенде 1 факты болуп, эң көбү Базар-Коргон районунда төртөө катталган",- деди Анаркулов.
Эске салсак, өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн саны 2015-жылы 19га жеткен.