Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:18
Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү
13:58
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
13:57
Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат
13:54
Бишкек: соода жана тамактануу жайлары, транспорт жаңы тартипте иштөөгө өтөт
13:53
Өкмөт Нарынга жугуштуу илдеттер ооруканасын куруп баштады.
13:03
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
13:01
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
13:00
Өкмөт Кытайдан дагы 78 кычкылтек концентраторун алдырды
12:28
Коронавирус жуктурган 4 гана медикке 200 миң сом компенсация төлөндү
12:13
Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты
10:15
Коронавирус беш жерден жугат. Окумуштуулар санап беришти
10:08
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү.
16:41
Профессор Сарыбаев: кардиомагнил менен тромбо АССты профилактика үчүн ичүү зыян
15:24
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды.
14:47
Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым
13:12
Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты
12:13
Коронавирустан көз жумгандарга аза күтүү күнүнүн символикасы бекитилди
12:09
Бишкектин коомдук транспортунда "Тулпар" төлөм системасынын иши жанданат
12:08
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл
12:39
Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды
12:35
Аскер лицейинде жугуштуу оорулар бөлүмү, гемодиализ кабинети иштөөдө
12:24
Медиктердин компенсациясына канча каражат кеткени айтылды
12:09
ЕЭАБ коронавирус менен күрөшүү үчүн иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти
10:40
Боронов: оору азайды деп бошоңдоп калбай, ишти улантуу керек
10:28
Балбак Түлөбаевдин мэриядагы ордун 31 жаштагы Адилет Малдыбаев ээледи
13:06
Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди
11:49
Бишкекте жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолууда.
11:28
Россия жиберген гумжардам Саламаттык сактоо министрлигине салтанаттуу тапшырылды
15:55
Статистика комитети жакшы жана начар иштеген органдардын рейтингин жарыялады
15:02
Кыргызстанда эң коррупциялашкан мамлекеттик беш орган аталды. Рейтинг
15:00
Казак чек арасына жашыруун кирген кыргызстандыкты дрон менен кармашты.
14:56
Өкмөт: мамлекеттик органдар үнөмдөө режимин улантуусу зарыл
14:53
Россиядан Кыргызстанга каттаган учактардын санын көбөйтүү пландалууда
14:49
Россия Кыргызстанга берген гуманитардык жардам келди. Анда эмнелер бар
14:20
Түштүк Кореядагы мекендештер 10 миң доллардан ашуун акчага жардам жөнөттү
13:17
Төрага Жумабеков Суусамырдагы стационарга барып, акчалай жардам берди.
12:48
Жээнбеков: Кыргызстанда 30-июль Жалпы улуттук аза күтүү күнү болот
12:45
Министр Айдарбеков: Кыргызстан эли эпидемия маалында мыкты сапатын көрсөттү
16:25
Исмаилова: Россиядан бүгүн келген медиктер аймактарга жөнөтүлүшү мүмкүн
16:17
Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кандай жардамдарды көрсөткөнү айтылды
16:15
Боронов Бишкек менен Ошко жаңы оорукананы бир айда куруп бүтүүгө тапшырма берди
16:09
ТИМ: чет өлкөдөгү дипломаттар учурда дары, реанимобиль алуу жолун издеп жатат
16:06
Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети
16:05
Бишкектеги ооруканаларда 1200дөй орун бошоду.
16:02
Министрлик: адистер аралыктан окутуунун 5 багытын иштеп чыгууда
Бардык кабарлар

600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу

Жаңылыктар
65
0

Эки күн мурда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев мурдагы "Ганси” базасындагы ооруканада реанимациялык блок ачылганын айткан. Бирок ал бүгүн гана ишке киргизилип жатканы айкын болду.

Sputnik Кыргызстанга аталган стационарга пневмония менен жаткырылган бейтаптын туугандары кайрылды. Алар ооруканада кычкылтек концентратору аябай тартыш экени жана тамак-аш жагынан да маселе жаралганын билдирди.

"Шаардагы дарыгерлер оор абалдагы бейтаптарды "Гансиге” алып барууну сунуштады. Себеби аппараттар ошол жакка ташылып жаткан экен. Бирок биз барганда беш эле кычкылтек концентратору бар экен. Апабызды түшкө жакын алып барганбыз, бирок ага түшкү жана кечки тамак берилбептир. Бүгүндөн тарта гана бере баштаган”, — деди туугандары.

Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Сүрөт

Эске салсак, Американын мурдагы базасына 600 орундуу оорукана уюштурулган. Кошумча дагы талаа госпиталы даярдалган. 

600 мест были подготовлены на бывшей американской авиабазе Ганси недалеко от международного аэропорта Манас
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МИНИСТЕРСТВА ЗДРАВООХРАНЕНИЯ КР
Американын мурдагы базасына 600 орундуу оорукана уюштурулган

Кечээ кечинде Жакен Чотой деп катталган Facebook колдонуучусу оор абалдагы бейтаптарга шарт түзүлбөгөнүн айтып пост жазган.

"Кымбаттуу достор, "Гансиге” эч качан оор абалдагыларды алып келбегиле. Ал жерде реанимация да, кычкылтек концентратору да, эч нерсеси жок. Бир гана байкуш реаниматолог бейтап кантип өмүрү менен коштошуп жатканын аргасыз карап турат”, — деп жазган ал.

Мындан кийин редакция Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылды.

Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов ооруканада реаниматологдор жетиштүү экенин айтат.

"Тиешелүү жабдууларды орнотуу талап кылынгандыктан реанимациялык блок бүгүн саат 17.00дөр чамасында ачылды. Ага чейин палаталарга кычкылтек суюктугун киргизүү иштери бүткөрүлөт. Мунун жардамы менен концентраторго муктаждык жаралбай калат. Учурда "Гансиде” 42 даана концентратор бар, медиктер менен реаниматологдор да жетиштүү. Ал жакка региондордон жана Бишкектен кадрлар жөнөтүлгөн”, — деди Калмаматов.

Бишкекте COVID, пневмонияга кабылгандар үчүн кошумча орун уюштурулду. Дареги

Ал эми тамак-аш боюнча ӨКМ тээ башынан бери эле медиктерге да, бейтаптарга да эртең мененки, түшкү жана кечки тамактар үзгүлтүксүз берилип жатканын билдирди.

"Балким бейтап түшкү тамак берилгенден кийин келип калгандыр. Кандай болгон учурда дагы биз териштиребиз, себеби мындай окуя болбошу керек”, — деп билдирди ӨКМ.

Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 8 486га жетти. Анын ичинен 2 983ү айыгып, 112 адам көз жумду. Ал эми өпкөнү сезгенткен пневмония дартынан бир суткада 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти. Бишкек менен Чүйдө эпидемиологиялык абал июнь айынын аягынан тарта кескин оорлошуп кетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20200708/1048948426/gansi-kychkyltek-kontsentrtoru-tamk-ash.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик