Саламаттык сактоо министри жана анын орун басарынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Брифингде модератор: "Саламаттык сактоо министри менен орун басары коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чынбы, алардын учурдагы абалы кандай?" - деген суроо узаткан.
Саламаттык сактоо министри менен анын орун басары ооруп, учурда дарыланууда
"Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Азыркы тапта дарыланып жатышат. Анализдери тастыкталгандан кийин дагы кошумча маалымат беребиз", — деди Акматова.
Кыргызстанда жалпы 8 847 кишиден коронавирус табылып, 116 адам көз жумду.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20200709/1048953273/ministr-koronavirus-zhukturup-aldyby.html