Бүгүн:

Акыркы кабарлар

09:33
Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн
09:30
"Семетейде" лаборатория уюштуруу боюнча даярдык башталды
09:29
Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү
09:26
"Колдоо керек". Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды.
15:26
Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл
15:25
Сабырбек Жумабеков: ырчы Асел Кадырбекованын абалы жакшырып, үйүнө чыккан
15:24
Бишкек: кайсы медицина мекемелери оңдолуп жатат.
15:22
Ысык-Көлдө заманбап жол курууга канча акча кетет жана ал кайдан алынат.
15:18
Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү
13:58
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
13:57
Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат
13:54
Бишкек: соода жана тамактануу жайлары, транспорт жаңы тартипте иштөөгө өтөт
13:53
Өкмөт Нарынга жугуштуу илдеттер ооруканасын куруп баштады.
13:03
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
13:01
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
13:00
Өкмөт Кытайдан дагы 78 кычкылтек концентраторун алдырды
12:28
Коронавирус жуктурган 4 гана медикке 200 миң сом компенсация төлөндү
12:13
Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты
10:15
Коронавирус беш жерден жугат. Окумуштуулар санап беришти
10:08
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү.
16:41
Профессор Сарыбаев: кардиомагнил менен тромбо АССты профилактика үчүн ичүү зыян
15:24
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды.
14:47
Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым
13:12
Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты
12:13
Коронавирустан көз жумгандарга аза күтүү күнүнүн символикасы бекитилди
12:09
Бишкектин коомдук транспортунда "Тулпар" төлөм системасынын иши жанданат
12:08
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл
12:39
Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды
12:35
Аскер лицейинде жугуштуу оорулар бөлүмү, гемодиализ кабинети иштөөдө
12:24
Медиктердин компенсациясына канча каражат кеткени айтылды
12:09
ЕЭАБ коронавирус менен күрөшүү үчүн иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти
10:40
Боронов: оору азайды деп бошоңдоп калбай, ишти улантуу керек
10:28
Балбак Түлөбаевдин мэриядагы ордун 31 жаштагы Адилет Малдыбаев ээледи
13:06
Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди
11:49
Бишкекте жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолууда.
11:28
Россия жиберген гумжардам Саламаттык сактоо министрлигине салтанаттуу тапшырылды
15:55
Статистика комитети жакшы жана начар иштеген органдардын рейтингин жарыялады
15:02
Кыргызстанда эң коррупциялашкан мамлекеттик беш орган аталды. Рейтинг
15:00
Казак чек арасына жашыруун кирген кыргызстандыкты дрон менен кармашты.
14:56
Өкмөт: мамлекеттик органдар үнөмдөө режимин улантуусу зарыл
14:53
Россиядан Кыргызстанга каттаган учактардын санын көбөйтүү пландалууда
14:49
Россия Кыргызстанга берген гуманитардык жардам келди. Анда эмнелер бар
14:20
Түштүк Кореядагы мекендештер 10 миң доллардан ашуун акчага жардам жөнөттү
13:17
Төрага Жумабеков Суусамырдагы стационарга барып, акчалай жардам берди.
12:48
Жээнбеков: Кыргызстанда 30-июль Жалпы улуттук аза күтүү күнү болот
Бардык кабарлар

Боронов: чет өлкөдөн учак менен дары алып келебиз, тартыштык бир-эки күндө жоюлат

Жаңылыктар
70
0

Бир-эки күндүн ичинде өлкөдө тартыш болуп жаткан дары-дармектердин ири партиясы чет өлкөдөн алып келинет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медикамент алып келүү боюнча Кыргызстандын чет жактагы  элчиликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соңуна чыгып калды.

"Кудай буюрса эртең-бүрсүгүнү чартердик каттам менен алып келип, биздеги дары-дармекке болгон тартыштыкты толугу менен жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дипломатиялык каналдар аркылуу мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү жүрдү. Бул иштер Кытай, Индия, Пакистан жана КМШ өлкөлөрү менен болуп жатат", — деди Боронов.

Аспирин, гепарин жана дексаметазон кандай шартта колдонулат. Адистин кеңеши

Өкмөт башчы элди медикаменттер менен камсыздоо иштери аягына чыгарын дагы бир ирет белгиледи.

Боронов: эл издеп жаткан дарыларды катып жаткан эки кампа табылды
Дары кампасы. Архивдик сүрөт

Өкмөт башчы кыргызстандыктарды дарыны асмандаган баада саткан кызыл кулактар жана фирмалар менен аёосуз күрөшүүгө чакырды.

Кыргызстанда азыркы учурда ооруп жаткандардын өмүрү үчүн маанилүү жана өтө керектүү делген дарылар катылган кампалар табылды. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул иштер дары-дармектин баасын кымбаттатуу үчүн атайын жасалган. Учурда мындай эки факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Клексан 14 миң сомго чыккан! Бишкекте алып сатарлар кармалды. Сүрөт

Премьердин маалыматына таянсак, алар гепарин, азитромицин, левоцин, физрастворлор, ингавирин, арбидол, авипромицин, эргоферон, анаферон, парацетамол, кардиомагнил, тромбасс дарыларын катып коюшкан. Андан сырткары, тамчылаткан уколго пайдалануучу системалар, кычкылтек концентраторлорунун тетиктери, кычкылтек баштыктары жана дагы башка медициналык жабдууларды сатпай кармап турушкан.

Боронов жарандар кызыл кулактык кылган дагы сегиз факты боюнча сотко чейинки иштер ачылганын билдирди. Төрт иш медициналык товарлардын баасын кымбаттатуу, 13 иш дарыларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча козголгон.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

"Эгерде эл аптекалардын же дагы башка компаниялардын бааны көтөрүп салганын көрсө, дароо билдириши керек. Баарылап чогуу күрөшүп, ушундай кыйын кырдаалда пайда тапкысы келгендердин жүзүн элге көрсөтөлү", — деди Боронов.

Дарынын баасын ашыкча көтөрүп жиберген фактылар болсо, Финансы полициясынын 1955 ишеним телефонуна чалып же receivefinpol.gov.kg@gmail.com дарегине маалымат калтырууга болот. Андан сырткары, аймактык жетекчилерге кайрылса болорун айтып, сайтын берди.

Боронов: адам өлүмүнүн санын кыскартуу үчүн бардык күч-аракеттер көрүлүүдө
Медициналык кызматкерлер кишинин денесин алып кетишип жатышат. Архив

Боронов күн сайын медициналык мекемелердин ишинин мониторинги боюнча маалыматты алып турмакчы. Анын жыйынтыгы боюнча, тагыраагы, аталган ооруканада бейтап каза болуп калса, жетекчинин ишине персоналдык баа берилет.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу маселесин Республикалык штабдын кеңешмесинде адистер менен талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Күн сайын жаңы күндүзгү стационарлар ачылууда, медициналык мекемелерде орундардын саны көбөйүп жатат. Мындан тышкары түнкү стационарлар да ишке берилди. Медициналык мекемелерде иштөө үчүн башка өлкөдө иштеген биздин мекендештерибиз - тажрыйбалуу дарыгерлер тартылууда. Бирок дагы эле COVID-19 жана пневмониядан каза болгондор көп болууда. Бул терс динамиканы оңдоо үчүн дагы кандай жардам керек?" — деген Боронов.

ДССУ башчысы: көп өлкө вирус менен күрөшүүдө "туура эмес жолду" тандады

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларына негизги милдет — адамдардын өмүрүн сактап калуу экенин эске салган.

"Биздин негизги максат – дарыгерлерге көмөк сурап кайрылгандардын өмүрүн сактап калуу. Учурда оорусу күчөп кеткендер абдан көп, өзгөчө бул өпкөсү кагынган бейтаптарга тийиштүү. Күнү-түнү оору менен алпурушкан дарыгерлерге оордук келүүдө. Ошондуктан ар бир оорулууга туура көңүл бөлүнүшү үчүн тажрыйбалуу врачтарды медициналык мекемелерге бөлүштүрүү керек. Эгерде бир ооруканада орун жок болсо, оорулууну бош орун болгон жерге багыттоо керек. Түзүлгөн кырдаалда бардык ооруканалардын жана стационарлардын координациясы жана өз ара байланышы абдан маанилүү", — деген премьер-министр.

Чүйдө стационарга оор абалдагылар көп кайрылууда, эми медиктер үймө-үй кыдырат

Боронов күн сайын бардык медициналык мекемелердин ишинин мониторинги боюнча маалыматты алып турарын айтып, жыйынтыгы менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган ар бир жетекчинин ишине персоналдык баа берилет деди.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200714/1049013289/kyrgyzstanda-adam-olumun-kyskartuu-boyuncha-bash-katyryp-zhatyshat.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик