Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:56
КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат
16:35
Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар
16:26
Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр
16:06
Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду
15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
10:12
Боронов жаңы ооруканалардын курулушунан шек санап, өзү көзөмөлдөмөй болду
10:10
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алып келинди
Бардык кабарлар

ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды.

Жаңылыктар / Коопсуздук
172
0

 Андан алтын сертификат алгандар үчүн өлкө университеттеринин эшиги ачык. 2020-жылдын эң мыкты бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайларды тандаганын биздин материалдан билсеңиз болот.

Быйыл Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң абитуриент катталган. Анын 67си гана алтын сертифкатка ээ болуп, Кыргызстандын каалаган университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коронавирус сертификаттарды салтанаттуу тапшырууга жолтоо боло алган жок. Июлда өткөн иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчөлөнө алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, белектерди тапшырган.

Sputnik кабарчысы тесттин жыйынтыгы менен алдыңкы ондукка кирген кыз-жигиттер менен байланышып, кайсы окуу жайды тандап алганын билип көрдү.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время вручения Золотого сертификата набравшей самый высокий балл на Общереспубликанском тестировании (ОРТ) Акмарал Нурбек кызы
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы (229)

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Акмарал Нурбек кызы (229) Бишкектеги "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшырды. Ал аталган окуу жайдын жаңы технологиялар факультетин тандап, келечекте IT адиси болууга максат койгон.

Выпускники школ получившие Золотые сертификаты в 2020 году
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Талас облусундагы "Манас Ата-Себат" лицейин аяктаган Нуртилек Тобокелов Жалпы республикалык тестирлөөдөн 228 балл алган

Талас облусундагы "Манас Ата-Себат" лицейин аяктаган Нуртилек Тобокелов Жалпы республикалык тестирлөөдөн 228 балл алган. Бүтүрүүчү Борбор Азиядагы Америка университетинин программалык инженерия факультетин тандап алган. Анын ою боюнча, келечекте технология тармагы мындан да өнүгөт. Кийин ал Кыргызстандын IT-секторун өнүктүрүүгө салым кошкусу келерин айтты.

Намыс Идырысов дагы 228 балл топтогон. Ал Ысык-Көл районундагы Эркин Керимгазиев атындагы орто мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайлардын арасынан ал "Ала-Тоо" эл аралык университетин, анын ичинде информатика жана эсептөөчү техника факультетин тандаган. Намыстын айтымында, бул кесип кийин акы көп төлөнгөн жумуш табууга түрткү болот жана суроо-талап жогору болгон адистик.

Выпускники школ получившие Золотые сертификаты в 2020 году
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай лицейин бүтүргөн Чолпон Абдисуханова (228 балл)

Ушундай эле адистикти Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай лицейин бүтүргөн Чолпон Абдисуханова да тандап алган. Ал да ЖРТдан 228 балл алган. Бүтүрүүчү маалымат технологиясына 10-класстан тарта эле кызыга баштаганын айтып, кесип тандоодо көп кыйналып, ойлонбогонун кошумчалады.

Тимур Сулайманов борбор калаадагы "Газпром Кыргызстан" мектебин бүтүрүп, ЖРТдан 227 упай топтоду. Ал тандаган университети менен адистигин ачыкка чыгарбай эле коюуну туура көрдү.

Выпускники школ получившие Золотые сертификаты в 2020 году
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Ош облусунун Ноокат районундагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айзат Топчубаева (226 балл)

Ош облусунун Ноокат районундагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айзат Топчубаева (226 балл) бала кезинен бери дарыгер болууну кыялданган. Максатына жетүү үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) дарылоо иши факультетине тапшырды.

Выпускники школ получившие Золотые сертификаты в 2020 году
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Бишкектеги №12 мектептин бүтүрүүчүсү Наен Пягай (226 балл)

Бишкектеги №12 мектептин бүтүрүүчүсү Наен Пягай (226 балл) Борбор Азиядагы Америка университетинин психология факультетинин студенти болот. Ал аталган адистиктин келечеги кең экендигин белгиледи.

Выпускники школ получившие Золотые сертификаты в 2020 году
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Бишкектеги Александр Пушкин атындагы № 17 мектеп-гимназиянын бүтүүрүчүсү Асият Рахматова ЖРТдан 225 балл алган

Бишкектеги Александр Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Асият Рахматова ЖРТдан 225 балл алган. Сандарды, техниканы жакшы билгендиктен Борбор Азиядагы Америка университетинин программалык инженерия факультетин тандаган.

Выпускники школ получившие Золотые сертификаты в 2020 году
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Ошол эле университеттин ушундай эле багыттагы факультетинде 225 балл ээ болгон Нурлан Сапармурат да окумай болду

Ошол эле университеттин ушундай эле багыттагы факультетинде 225 упайга ээ болгон Нурлан Сапармурат да окумай болду. Аламүдүн районундагы окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүсү бала кезинен информатика боюнча олимпиадаларга катышып келген. Жигиттин айтымында, тандап алган кесиби өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга жардам берет.

Выпускники школ получившие Золотые сертификаты в 2020 году
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Бишкектеги "Давха" мектеп-комплексинин бүтүрүүчүсү Фатима Журабоева (225 балл)

Бишкектеги "Давха" мектеп-комплексинин бүтүрүүчүсү Фатима Журабоева (225 упай) да техникалык кесиптерге ыктап келет. Ал  "Ала-Тоо" эл аралык университетинин прикладдык математика жана информатика багыты боюнча информатика жана инженерия факультетин тандап алды.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200801/1049192687/on-mykty-buturuuchu-tandagan-okuu-zhaj.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик