7-чакырылыш менен Жалал-Абад шаардык кеңешине шайланган депутаттардын 12-январда өткөргөн сессиясы мыйзамдуу аталып, андагы кабыл алынган токтомдор өз күчүндө калды. Мындай маалымат бүгүн, 27-январда Жалал-Абад облустук райондор аралык сотунда ачыкталды.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин алгачкы сессиясына келбей калган КСДП жана “Кыргызстан” партиялары кеңештин өздөрү катышпаган сессиясын мыйзамсыз деп эсептешип, “Биринчи сессияны жетектеген адамдын жашы мыйзамда көрсөтүлгөндөй болгон эмес. Шаардык кеңештин төрагасы жок эле анын орун басары шайланганы туура болбой калган” деген жүйөөлөрү менен облустук райондор аралык сотко арыз менен кайрылышкан. Анын натыйжасында аталган сот тараптардын мыйзамга ылайык келтирген өтүнүчтөрүнүн негизинде даттануучулардын арызын негизсиз деп калтырды.
Эске салсак, жаңы чакырылышка шайланган эл өкүлдөрү алгачкы жыйындарында 3кө 2 болуп бөлүнүп натыйжада көпчүлүктөн турган “Биримдик” коалициясы куралган. Ал ортодо тараптардан кызматтык соодалашуу боюнча пикир келишпестиктер тууралуу маалыматтар тарай баштаган.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, "Взгляд"