Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:24
Өкмөт "Жеткиликтүү турак жай" долбоорунун жаңыланган версиясын сунуштады
10:16
Кыргызстан БУУга мүчөлүк акысын убагында төлөгөн өлкөлөрдүн катарына кирди
16:56
КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат
16:35
Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар
16:26
Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр
16:06
Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду
15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
Бардык кабарлар

Мухаммед Алиге жолугуп кеңешин уккан. Орзубек Назаров жөнүндө 9 факты

Жаңылыктар
174
0

Кыргызстан агенттиги 22 жыл дүйнөнү түрө кыдырып, эгемен өлкөнүн желегин эл аралык аренада биринчилерден болуп желбиреткен спортчу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Бейбаштыкты жойгон спорт. Орзубек Назаров 1966-жылы 30-августта Кант шаарында туулуп, балалыгы ошол шаарда өткөн. Атасы автобус айдап үй-бүлөсүн баккан. Болочоктогу атактуу спортчу мектепте окуп жүргөндө тентек балдардын катарын толуктап, далай жоруктардын ана башында турчу. Ошондон улам апасы Жорохан аны он жашында спорт залга алып барган. Алгачкы жолу беттешке 12 жашында 28 килограмм салмак менен чыгып атаандашын утуп алган. Ошол окуядан кийин өспүрүм спортко бел байлап, машыктыруучусун өз атасындай көрүп калган.

Күчүн пайдалана албай койгонбуз... Олимпиада чемпиону Мелентьев жөнүндө 6 факты

Күжүрмөн эмгектин жемиши. 16 жашында өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпиону болуп, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин төрт жолку жеңүүчүсү, Европанын эки жолку, СССРдин үч жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун үч жолку байге ээси аталган. 1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери болгон. Профессионалдык рингде Япониянын беш, Азия менен Океаниянын алты жолку, дүйнөнүн жети жолку чемпиондугу ыйгарылган. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут менен). Сологой боксчу атаандаштарын боорго көбүрөөк муштаганы менен айырмаланчу. 

Боксеры Орзубек Назаров (СССР) и Ромаллис Эллис (США)
© SPUTNIK / БОРИС БАБАНОВ
Мушкер Орзубек Назаров (СССР) жана анын каршылашы Ромаллис Эллис (АКШ)

Бөтөн элде бааланган Назаров. 1989-жылы Японияга келишим менен кетип, 90-жылдардын башында кыргызстандыктарга караганда япон калкына таанымал эле. Радио, телевидениеге чыгып, жарнамаларга байма-байма тартылып турган. 1998-жылы Орзубек Назаров чемпиондук кур үчүн кезектеги атаандашы франциялык мушкер Жан-Батист Менди менен рингге чыгып, 3-раундда атаандашынын спорттук кол кабы жаза тайып, баш бармагы Назаровдун көзүн жабыркатып алган. Бул окуя мушкердин спорттук карьерасына чоң зыянын тийгизип, ал рингден биротоло кетүүгө аргасыз болот. Кыргызстанга кайтып келген Назаров эч кимге кереги жок экенин сезип отуруп калган.

13 жашында намыска жараган волейболчу. Окумуштуу Кайып Оторбаев жөнүндө 7 факты

Бир ажалдан калган. 1997-жылы ноябрда Алматы шаарында достору менен аэропортко баратканда аларга куралдуу кол салуу болуп, мушкердин эки досу көз жумган. Назаров акырекке ок жеп, аман калат, кылмышкерлер из жашырып кеткен. Ал окуядан эки ай өткөн соң Францияда дүйнө чемпионатында күч сынашкан. 

Соревнования по боксу в рамках Игр доброй воли (с 5 по 20 июля 1986 года). Боксер Орзубек Назаров (СССР) (справа) победил Ромаллиса Эллиса (США) в финальной встрече по боксу в весовой категории до 60 кг. Спортивный комплекс Олимпийский.
© SPUTNIK / БОРИС БАБАНОВ
Кыргызстан мушкер профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 23үн нокаут менен жыйынтыктаган

35 жылдан берки күндөлүк. Анда спорттук жашоосунун тарыхы, маңдай жарыла сүйүнгөн жеңиштери, утулуу ызалары жазылган. Келечекте күндөлүгүн кызыктуу жана таасирлүү китепке айланткысы келет.

Мушкердин ысымын алган Орзубектер. "Жаш мушкерлердин мен келечекте сиздей болгум келет деп айтканы кубандырат. Эсимде, 1990-жылдары ата-энелер балдарынын ысымын менин атыман коюуну тилек кылгандыгы тууралуу көп каттар келчү" деген жайы бар. 

Семикратный чемпион мира по профессиональному боксу Орзубек Назаров во время боя. Архивное фото
© AFP 2020 / JACK GUEZ
Орзубек Назаров 1998-жылы көзүнөн оор жаракат алып биротоло рингден кетүүгө аргасыз болгон

Мухаммед Али менен жолугушуу. Назаров 1996-жылы Японияда жашап, машыгып жүргөндө легендарлуу мушкер Мумаммед Али жумуштары менен Токиого учуп келет. "Ал кезде мен дүйнө чемпиону болчумун, бизди тааныштар жолуктурган. Улуу мушкер ошол кезде катуу ооруп жаткандыгына карабай кеп-кеңешин айтып, тамашалап сүйлөгөн. Кийин ал каза болгондо аябай жаман болдум" деп маектеринин биринде айткан.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты

Саясатка аралашкан спортчу. Япон, англис, орус тилдеринде эркин сүйлөп, кыргыз, өзбек, азербайжан тилдерин түшүнөт. "Даңк" медалынын ээси 2007-жылы ноябрь айында "Ак жол" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы депутаты болуп шайланып, эл өкүлү болуп иштеп калган. 

Получить награду от легендарного боксера Орзубека Назарова для каждого честь
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу спортчу мекендешибиз учурда ишкерлик менен алектенип, өзү ачкан спорттук залда жаштарга кеп-кеңеш берип келет.

Үй-бүлөсү. Учурда экинчи жубайы Оксана менен жашайт. Жубайлар Аделина аттуу кызды тарбиялашат. Биринчи жубайынан эки кызы бар. Кыргыз боксунун атасы Орзубек Назаров учурда жеке ишкерлик менен алектенип, өзү ачкан спорттук залда жаштарга кеп-кеңеш берип келет.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20200830/1049471341/kyrgyzstan-bokser-orzubek-nazarov-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик