Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматтары унаа тыгынын алдын алып, жолдорду тазалады.
Өлкөдөгү Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларындагы жолдор тазаланып, автоунаалар өтүп жатат.
Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, төрт ашууда түндө кар жаап, бийиктиги 10-15 сантиметрге чейин жеткен.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Жол-эксплуатация башкармалыгынын кызматкерлери Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларындагы Бишкек — Ош жолу менен Таластагы Өтмөк ашуусундагы трассаны тазалоого киришкен. Учурда тыгын жок, жолдор ачык экендиги белгиленди.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20200918/1049655344/kar-zhaagan-ashuular-zholdor-tazalandy.html