Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:59
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
15:51
УКМК: Евробиримдик берген грантты жеп койгон деп Жогорку соттун өкүлү камалды
14:29
Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым
14:27
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу
14:26
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери
14:25
Зулушевдин Башкы прокурорлукка талапкерлигин ЖК комитети колдоду
14:23
БШК: милиция биздин мүчөлөрдү суракка алып кеткени жатат
14:22
Вице-премьерлерге милдеттер бөлүштүрүлдү. Тизме
17:09
Вице-премьер колго түшкөн Райым Матраимовдун ишине комментарий берди
17:06
Вице-премьер Мамытканов: Кашкар Жунушалиев Кыргызстанда
17:05
Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген
17:04
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди.
17:01
Пирназаров "Унаа" ишканасынын башчылыгынан кетип, ордун Түмөнбаев ээледи
17:00
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
16:58
ЖКга жаңы депутат келди, мурдагысы "Манас" аэропортуна жетекчи болуп кетти
16:18
Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты
14:53
Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды
14:50
Райым Матраимов кармалды
14:38
Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткара тургандыгы айтылды
14:33
Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовдун ишине чекит койду
14:32
Нариман Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды
13:59
Нариман Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды
16:09
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышар-катышпасын айтты
16:07
Башкы прокуратура кызматка алчуларга сынак жарыялады.
16:07
УКМК: Райым Матраимовдун айланасындагы 40 киши аныкталды
16:05
Мэрия: Мурас-Ордо конушунун инфраструктурасы жакшыртылып жатат
17:36
Текебаев президент менен депутаттарды бир күндө шайлоону сунуштады
17:34
Сооронбай Жээнбеков президенттикти расмий тапшырып кетти
17:32
Тарых өз баасын берет. Сооронбай Жээнбековдун акыркы кайрылуусу
17:31
Канат Исаев эмнеге президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын түшүндүрдү
17:27
Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Жээнбеков келди
17:00
Президенттин милдети мага өттү! Садыр Жапаровдун эски аянттагы видеосу
16:54
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
16:51
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россиянын элчисин кабыл алды. Эмне талкууланды
16:46
Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди
16:45
Резиденцияга жакын жерде турган митингчилер Өкмөт үйүн көздөй бет алды.
16:44
Кремль Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча үн катты
16:39
Абакта жаткан Тилек Матраимов үй камагына чыкты
16:38
"Ысык-Көл" мейманканасын карай агылган эл. Асмандан тартылган видео
16:38
Жээнбековдун отставкасын ким кабыл алышы керек? Мыйзам
16:37
Жогорку Кеңеш эртең кезексиз жыйынга чогулмай болду
16:36
Жээнбековдун кеткенин уккан элдин реакциясы. Видео
16:29
Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү
16:17
Кан төккөн президент болгум келбейт. Жээнбеков кетип жатып эмне деди
16:16
Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти
Бардык кабарлар

Садыр Жапаров соттуулугу эмне болгонун айтты Садыр Жапаров ЖКга өкмөттүн курамын сунуштады.

Жаңылыктар / Кыргызстан / Аналитика
155
0
Сот мурдагы чечимди жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров парламенттин жыйынында билдирди.

Ага депутат Дастан Бекешев: "Сиз боюнча сот чечими кандайча чыкты?" - деген суроо узаткан.

"Сот мурдагы чечимди жокко чыгарып, тергөө органдарына кайра кароого жөнөттү. Сот чечими жокко чыгарылгандан кийин адам соттолгон деп эсептелбейт", — деди Жапаров.

Эске салсак, 6-октябрда парламентарийлер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошкон. Бирок кийин бир катар депутаттар анда кворум болбогондуктан чечим легитимсиз деп чыккан. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын кызматка келиши коомчулукта шек жаратпашы керек деп парламенттин токтомун артка кайтарган.

Эми бүгүн "Ала-Арчага" кайрадан чогулган депутаттар өкмөт башчынын талапкерлигин карап, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын талкуулап бекитип бериши керек.

Ушу тапта жыйын кандай өтүп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп, түз эфирден көрсөңүз болот.

Садыр Жапаровдун иши

2013-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен митинг өтүп, тергөөнүн маалыматы боюнча, аны Садыр Жапаров каржылаган. Катышуучулар ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече адамды барымтага алганы айтылган. УКМКнын берген маалыматы боюнча, акцияга чыккандарды Жапаров телефондон тескеп турган. Мындан улам Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Өлтүрөм деп коркутуу", "Барымтага алуу", "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, сот 11,5 жылга эркинен ажыраткан.

Садыр Жапаров ЖКга өкмөттүн курамын сунуштады.

Бишкектеги өкмөттүн имараты. Архив

Өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол бойдон калган. Ал эми өкмөттүн курамы 20 пайызга өзгөргөн.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнө өкмөттүн курамын сунуштады.

Анын айтымында, өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол эле бойдон калган. Ал эми өкмөттүн курамы 20 пайызга өзгөргөн.

  • Садыр Жапаров — премьер-министр ;
  • Артём Новиков — биринчи вице-премьер;
  • Равшан Сабиров — вице-премьер;
  • Максат Мамытканов — вице-премьер;
  • Аида Исмаилова — вице-премьер;
  • Бактыбек Аманбаев — өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр;
  • Санжар Муканбектов — экономика министри;
  • Кыялбек Мукашев — каржы министри;
  • Эркинбек Чудуев — айыл чарба министри;
  • Бакыт Бердалиев — транспорт жана жолдор министри;
  • Марат Жаманкулов — юстиция министри;
  • Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;
  • Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
  • Бообек Ажыкеев — өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
  • Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;
  • Улукбек Кочкоров — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
  • Нуржигит Кадырбеков — маданият, маалымат жана туризм министри;
  • Жыргалбек Сагынбаев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы;
  • Алтынбек Исмаилов — Байланыш жана технология мамлекеттик комитетинин башчысы.

Ушу тапта жыйын кандай өтүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирден да көрө аласыздар.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201014/1050056189/okmottun-kuramy-zhaparov-zhyjyn.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно