Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине бүгүн, 1-февралга карата 48 миллион 674 миң 420 сом түштү. Акча топтоо уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каражат 1-февралга чейин кабыл алынып, 11-февралда таратыла баштарын билдирген. Бирок жардам берүүнү каалагандар көптүгүнө байланыштуу кабыл алуу уланары расмий кабарланды.
Каалоочулар сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка валюта түрүндө каражат которсо болот.
Түркиялык ACT Airlines компаниясы материалдык чыгымдарды төлөп берүүгө жана ата-энесиз калган балдарга психологиялык жардам көрсөтүүгө убада кылган.
16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле.