Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:15
Жээнбеков: ар кыл маалыматтарды тараткандар бар, элге түшүндүргүлө
10:09
Парламентте мааракелик той-аштарды чектөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды
10:07
Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди
09:59
Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог
09:56
Жээнбеков облус жана шаар жетекчилери менен онлайн-жыйын курууда
17:09
Жаалы катуу сел. Нарын аймагындагы суу каптаган жерлердин видеосу
17:08
Өлкө ичинде учак менен ары-бери каттай турчуларга атайын эрежелер иштелип чыкты
17:05
Мэрия: COVID акимчиликтен эмес билим берүү борборунда иштегендерден чыкты
16:51
Бир нече күндөн кийин кыргыз-кытай чек арасы ачылып, "Торугарт" иштей баштайт
16:36
Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат
16:29
Кыргызстанда 5-июндан тарта аймак аралык транспорт каттай баштайт
10:58
Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже
10:54
Бет кап жок болсо жетекчи жазаланат! Мэрия ишкерлерге кайрылды
10:50
Кадамжайдагы чек араны кыргыз-өзбек аскерлери кайтарууда
10:34
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду.
10:28
Министрлик бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз аларын эскертти
10:16
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
17:01
Коронавирустан коргоочу кол кап кандай болушу керек? Адистин пикири
16:42
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
11:38
Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?
15:38
1-июндан тарта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдар иштей баштайт
15:28
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
14:59
Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды
14:14
Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды
14:11
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
14:05
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
13:56
Аким: Октябрь акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус табылган жок
13:16
Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу
12:23
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
11:23
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
11:15
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
14:03
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
13:56
Ак-Талаа менен Ат-Башыдагы катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти
17:05
Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди
13:11
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
13:08
Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды.
13:07
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
Бардык кабарлар

АЖЫГА БАРАМ ДЕП ЧОГУЛТКАН АКЧАСЫНА, ЖАРДЫ КОҢШУСУНА ҮЙ САЛЫП БЕРГЕН АКСАКАЛ

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары
702
0

Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Красный Маяк айылынын тургуну Саит Созонбаев аксакал ажыга барам деп чогулткан каражатына 8 балалуу, жашоо шарты оор коңшусуна үй салып берип жатат.

 

АЖЫГА БАРАМ ДЕП ЧОГУЛТКАН АКЧАСЫНА, ЖАРДЫ КОҢШУСУНА ҮЙ САЛЫП БЕРГЕН АКСАКАЛ

 

Кыйналып жашаган үй-бүлөнүн Совет доорунда курулган эски турак жайы, былтыр жер титирөөдөн кийин кулап калган. Жубайлар жаш балдары менен жазгы жаан-чачында короодо түнөгөн күндөрү болгон. Бул үй-бүлө кыйналып жашашат. Күйөөсү да, аялы да бирөөлөргө жалданып кара жумушун жасап берип, тапканы нанга араң жеткен үй-бүлө өз алдынча там салууга алы жетмек эмес. Өкмөттөн бериле турган ссуда да эл катары тийбей калган.

“Мына жыгылайын деп турат, бүт баары жарака кеткен. Коркунучтуу да бул атамдын эски үйү болчу, биз бул имаратты склад катары колдончук, картошка , көмүр сактачук да. Үйүбүз болсо кулап калды жер титирөөдө”,- дейт Жумабай Калматаев.

2015-жылдын 11-ноябрында катуу жер титирөөдөн кийин Жумабай Калматаевдин үйү кулап калган. Тилекке жараша үй-бүлө мүчөлөрү сыртка качып чыгып эч ким жабыркаган эмес. Кырсык болгондон кийин айыл өкмөттөн, жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер келип үйүн 4 деңгээлдеги авариялык абалда деп аныктап кетишкен. Турак жай салууга өкмөттүк комиссиядан 200 000 сом суда берилсин деген чечим чыккан, бирок ушул күнгө чейин жергиликтүү бийлик ар шылтоону айтып ссуданы бербей келет дейт Калматаев. Ошол кырсыкта жабыр тарткан айылдаштарына акча берилиптир.

Жумабай Калматаев, Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Красный Маяк айылынын тургуну:

“Акча биринчи бизге окшогондорго берилсе жакшы болмок, бирок берилген жок. Башкаларга берилиптир, эки коңшум алды. Бирөөсү айтат 10 000 сом берип анан алдым деп. Пара бериш керек окшойт чамасы деп калдым. Ошол акча алган бала айтты ака сиз да кичине акча таба салыңыз, дароо берет экен деп. Пара бергенге менин шартым жок”.

Красный Маяк айыл өкмөтүнөн пара талап кылды деген жалган деп билдиришти, айтымдарында Жумабай Калматаевдин паспорту жоктугуна байланыштуу ссуда берүү создугуп жаткан. Эми акча берүүнүн мөөнтү өтүп, кийинки жылы кайрадан каралып анан берилиш мүмкүн деп маалымдашты.

Жумабай Калматаевдин 8 баласы бар, эң улуусу 21 жаштагы Мырзабек тубаса эки көзү тең азиз. Эң кичинеси 2 айлык ымыркай.

8 баласына жада калса жөлөк пул да төлөнбөйт. Жумабайдын келинчеги Айчүрөктүн айтымында балдары эт деле көрүшпөйт, кээде жумуртка кууруп жесек сүйүнөбүз дейт. Жалгыз кирешелери Мырзабектин майыптыгына чегерилчү 4000 сом пособиясы.

“Чоң балама 4000 сом пенсия чыгат, ошону алаарыбыз менен ун-пун алып алабыз. Кээде жолдошум жалданып иштеп “левый” кылып калат. Талаага чыгабыз жалданып иштеп 200-300 сом алабыз. Жашоо шартыбыз көрүп турганыңыздардай оор”, - дейт Калматаевдин жубайы Айчүрөк Жедигерова.

Үй-бүлөнүн жашоо шартын көрүп туруп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн чара көрбөгөнү зээнди кейитет. Ошол эле учурда муктаждарга кайдыгер карабаган замандаштарыбыз да жок эмес экен. Калматаевдердин коңшусу Саитбек Созонбаев уулдарынын ажыга жөнөтүү үчүн берген каражатына ушул үй-бүлөгө үй салып берип жатыптыр. Бүгүнкү күнгө турак жайдын үстү жабылып, ички ремонту башталган, суук түшкөнчө үйүнө киргизүүнү көздөп турам дейт боорукер аксакал.

“Колунда бар адамдарга эмне демекчимин жардыларга жардамыңарды аябагыла. Анткени бул соопчулук иш болот. Эгер силер жардам берген адамдардан кайтапаса да кудайдан кайтат. Ушул балдар чоңойсо бизди качандыр бир убакта жардам берди эле деп сыйлап жүрөр”,- деди Созонбаев.

Бир эле Жумабай Калматаевдин үй-бүлөсү эмес, бүтүндөй айыл эли Саитбек аксакалдын кайрымдуулугуна ыраазы болуп турган мезгил.

Алардын бири коңшусу Хабатемин Мамыров:

“Ушул Саит акедей боорукер адамдар көп болсо заманыбыз оңолуп кетмек. Рахмат ушул адамга усталарды алып келип баалашып аткан баасын төлөп берди. Үстүн жапты, шруптарынан бери алып берди. Өзүнүн эски үйүнүн айнек рамдарын алып келип берди, суук түшкүчө быйыл кирип ал балдарың менен үшүбөй деп, бүтүрүп берейин деп аракет кылып жатат”.

Ош областынын мурдагы казысы Ниязалы Ариповдун айтымында кайрымдуулук динде чоң сооп алып келчү иш чара.

“Пайгамбардын “кошунасы ач болуп ага жардам бербеген бизден эмес”,- деген сөзү бар, андыктан кайрымдуулук сооптуу иш. Бирок ажыга баруу бул парз, андыктан жүрөгү жумшак аксакалга алла таалам дагы мүмкүнчүлүк ыроолосун демекчимин”.

Коомубузда бирөөнүн кайгысына кайдыгер карабаган, жардынын чекесин сылаган Саитбек Созоновго окшогон ырайымдуу инсандарыбыз көп болсун.

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно