Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду.
Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган.
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме – туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.
Бүгүнкү күндө мекемеде 207 майыптыгы бар адам жашайт.
Дагы: https://sputnik.kg/news/20201118/1050466290/tokmokto-socialdyk-stacionar-achyldy.html