Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

ЖК оюн эрежесин өзгөрттү. Венеция комиссиясы шайлоонун жылдырылышына кабатыр

Жаңылыктар / Редактордун колонкасы / Аналитика
477
0

Венеция комиссиясы (Европа кеңешиндеги консультативдик орган) Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жылдырылышы боюнча чукул корутундусун чыгарды. Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы аталган комиссияга төрт маселе боюнча кайрылган.

Венеция комиссиясы алардын ар бирине салыштырмалуу конституциялык укукка таянып кеңири жооп берген.

Суроо: Жалпы демократиялык принциптерден алып караганда КР Конституциясында так чектөөлөр болбосо, парламенттин ыйгарым укуктары анын мөөнөтү аяктагандан жаңыдан шайланган чакырылыштын алгачкы жыйынына чейинки убакта канчалык кеңири болушу мүмкүн?

Атап айтканда, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кайра өткөрүлчү/жаңы парламенттик шайлоого чейинки мезгилде конституциялык реформа өткөрүү канчалык деңгээлде жалпы демократиялык принциптерге шайкеш келет?

Жооп: Кетип жаткан парламенттин мандатынын конституциялык узактыгы менен аныктала турган мөөнөткө парламенттик шайлоону жылдыруу, демек, анын ыйгарым укуктарынын пророгациясы атайын негизделген жана өзгөчө кырдаалдар менен бекемделүүгө тийиш.

22-октябрда парламент тарабынан бекитилген Конституциялык мыйзам конституциялык жоболорду ачык бузбаса да чыныгы демократиялык принциптерди чагылдырбайт: биринчи кезекте жаңы мыйзам чыгаруу органынын 2021-жылдын июнь айына жылдырылышы парламентке алты айдан сегиз айга чейинки ыйгарым укуктарды берет. Бул — шайлоо процессин өткөрүүгө зарыл болгон бир нече аптадан алда канча узак убакыт.

 

Экинчиден, пророгация маалында, тагыраак, ыйгарым укуктары азайганда парламент айрым гана кадимки функцияларды аткара алат. Ошол эле убакта өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албайт. Анын ордуна иштеп турган парламент конституциялык мыйзамдын күчүн токтотуп, демократиялык оюндун эрежелерин өзгөрттү. Конституциялык реформаны демилгелөө жана өткөрүү процесси мыйзам чыгаруу бийлигинин ичинде да, тышында да ар тараптуу анализди жана коомдук талкууну талап кылат.

Көптөгөн конституциялык салттарда Баш мыйзамды реформалоо процесси өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына дейре конституциялык жыйын же шайлоо өткөрүү үчүн атайын мандатты талап кылат. Бул процесс өткөөл убактагы ыйгарым укуктар чегинен чыгат. Кандай болгон учурда да конституциялык жол-жобону аткаруу жана конституциялык түзөтүүлөрдү киргизүү мөөнөтүн сактоо абзел.

Суроо: Конституциялык реформа жүргүзүү максатында жогорку мыйзам чыгаруучу органды шайлоону токтотуу (шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышы жана кайрадан/жаңы шайлоо өткөрүү аралыгында) демократиялык принциптерге канчалык туура келет?

Жооп: Конституциялык реформаны жүргүзүү элдин эркин тийиштүү түрдө аныктай турган кеңири масштабдуу жана эркин шайлоону камсыздоо үчүн зарылдык катары чечмеленүүгө тийиш.

Керек учурда азыркы институционалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган конституциялык реформаны жаңы мыйзам чыгаруучу орган жүргүзө алат.

Шайлоо кандай токтотулса да ал мүмкүн болушунча кыска мөөнөткө гана созулушу керек. Конституциялык реформа белгиленген конституциялык мөөнөттү түшүндүрөт. Адатта ал тыкыр талдоону, саясий күчтөрдүн жана жалпы коомдун кеңири макулдугуна жетишүү мүмкүнчүлүгүн камсыздай ала тургандай узакка созулат.

 

Жаңы шайлоону өткөрүүгө зарыл пунктуалдуу жана техникалык реформадан сырткары кандай гана конституциялык реформа болбосун, кезектеги шайлоонун жылдырылышынан кийин башталбайт.

Шайлоону токтоткон конституциялык мыйзамдын өзүн кабыл алууда демократиялык стандарттарды бузган жол-жобо конституциялык реформа дал ушундай ишке ашырылат деп кооптондурат.

Конституциялык реформа жүргүзүү үчүн шайлоону токтотуу Конституцияны инструменталдык кабыл алуу гана болгондой таасир калтырат. Тийиштүү демократиялык стандарттар болуп эсептелбейт.

Суроо: шайлоо процессин токтотууга алып келген шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү кандайдыр бир даражада демократиялык принцип жана эл аралык стандарттарга ылайыкпы?

Жооп: шайлоону токтотуу электораттын жарандык жана саясий укуктарына таасир этет, демократияны бузушу мүмкүн. "Мыйзамдуу максат" жана шайлоочулардын укуктарын чектөөнүн "пропорционалдуулугун" баалоо өлкөдөгү чыныгы абалды эске алуу менен контексттик тартипте гана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында шайлоо гана жылдырылган жок, шайлоо жол-жобосу да токтотулду. Бул тыкыр текшерүүнү талап кылышы ыктымал. Анткени, демократиялык жол-жобону, башталган шайлоо өнөктүгүн кескин үзгүлтүккө учуратып, парламенттин курамын жаңылоого карата шайлоочулардын үмүтүн таш каптырат.

Шайлоо процессин токтотуу зарылдык жана бекем пропорционалдуулук принциптери менен чектелбейт деп эсептейт комиссия. Өзгөчө кырдаал чындап эле шайлоонун жылдырылышын акташы мүмкүн. Бирок талаш конституциялык мыйзам кабыл алганда Кыргызстан өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал же форс-мажордук жагдайда эмес эле. Ошондуктан жарандардын саясий укуктарын чектөө мыйзамдуу максатка жетүү үчүн жетишерлик пропорционалдуу болуп саналар-саналбасын Конституциялык палата аныктоого тийиш.

 

Суроо: кетип жаткан парламент мыйзамдарды кабыл алуу тартибин эсепке албастан мыйзамга оңдоолорду киргизип жатканы демократиялык принциптерге канчалык туура келет?

Жооп: конституциялык жол-жобо жана эрежелерди сактоо, коомчулуктун жана саясий дебаттардын туура катышуусу мыйзам чыгаруу процессиндеги негизги мааниге ээ. Конституция менен бекитилген жол-жоболордон тыш шайлоо мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөрдү кабыл алуу парламенттик демократиянын принциптерин бузат.

Парламент "туура мыйзам чыгаруу процесси" деп аталчу же Конституцияда белгиленген аракеттердин формасы жана тартибине коюлган талаптарды аткарууга тийиш. Бардык парламенттик демократияга пайдаланыла турган бул принциптен алып караганда парламенттик жол-жобо дайым номиналдуу гана сакталбастан, коомдук дебат, саясий катышуу жана дискуссия форуму катары парламенттин ролу корголууга тийиш.

Сөз соңунда комиссиядагылар КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасына мындан ары да көмөктөшүүгө даяр экенин белгилешкен.

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга койгон. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, ага ылайык шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген. Ага ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201119/1050481658/shajloonun-zhyldyrylyshyna-veneciya-komissiyasy-kabatyr.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик