Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бул бала бакча 1964-жылы курулуп, 1967-жылы ишке берилген. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоо иштери болгон эмес.
Оңдоо иштери 2019-жылы башталган. Ага дем берүүчү грант жана АРИСтен 1 млн 400 миң сом, айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 65 миң сом бөлүнгөн. Жалпы 2 млн 465 миң сом каражат сарпталган. Дубалынан башкасы бүт заманбап оңдоодон өткөрүлдү.
Буга чейин эки тайпада 50 бала тарбияланып, 16 кызматкер иштеп келген. Учурда 3-тайпа ачылганы турат. Тактап айтканда, 20 бала, 3 кызматкер кошулат.
http://www.turmush.kg/news:418128