Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстан менен Өзбекстандагы кеңселеринин мандаттарын калыбына келтирди. Мындан тышкары орус-украин чек арасындагы “Донецк” жана “Гуково” өткөрүү бекеттеринде байкоочулар да иштеп баштамай болду. Мындай чечим ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Ташкентте ЕККУнун долбоорлорунун координаторунун кеңсеси иштейт. Бишкекте ЕККУнун борбору бар. 2016-жылы сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2017-жылдын 1-январынан тарта Борбордун макамын төмөндөтөрүн маалымдаган. Буга өлкөдө улут аралык кастыкты козутууга айыпталган Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынына катышып, сөз сүйлөөсү себеп болгон.
Бул арада Австриянын ТИМ башчысы, ЕККУнун азыркы төрагасы уюмдун Тажикстан жана Армениядагы бюролорунун мандатын дагы калыбына келтирүү маанилүү экенин баса белгиледи.