Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Миңдеген гектар жер кантип трансформацияланат. Күчүнө кирген жаңы мыйзам

Жаңылыктар / Редактордун колонкасы
884
0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 13-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Анын негизинде 1700дөй гектар жер трансформацияланып, 11 миңден ашык үй-бүлөнүн социалдык көйгөйү чечилет. Аталган мыйзам бүгүн күчүнө кирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы узак жылдан бери келе жаткан маселенин күнгөй-тескейин тактап көрдү.

 

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында күчүнө кире турган документке ылайык, "Сугат айдоо жерлерин башка категориядагы жерлерге жана жерлердин түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" жана "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамдары менен Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.

Анын аркасы менен 2009-2018-жылдар аралыгында айыл чарбасында колдонууга жараксыз жана жеке менчик укугуна мамлекеттик күбөлүгү бар айдоо аянттарынын бөлүнүп берилген жерлерине үй курган кыргызстандыктардын турак жайы мыйзамдаштырылат. Мындайча айтканда, ал аянттарга турак жай салгандар менчигин трансформациялоого мүмкүнчүлүк алат.

Республика аймагындагы трансформацияга муктаж болгон жерлерди Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы 2014-жылдан бери тактап келет. Аталган мекеменин Жерди пайдалануу, коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева трансформацияга муктаж болгон жерлер 2000 гектарга жетиши мүмкүн экендигин билдирди. 

Начальник управления госэкотехинспекции Айнура Кенжебаева в рабочем кабинете
© ФОТО / ЧЫНГЫЗБЕК АБДУМАЛИК УУЛУ
Жерди пайдалануу, коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева
"Жакында кабыл алынган мыйзамдын алкагында трансформациялана турган аянттарда мамлекеттин жери жок, бардыгы жеке менчик үлүш жерлер. Аларга 2009-жылдан кийин турак жайлар салынып кеткен. Жерге ээлик кылган жарандар үй салып алышкан же башкаларга бөлүп сатып жиберген. Эми аймактарда канча гектар, кайсы жерлер трансформацияга кире тургандыгын жер-жерлердеги комиссия тактап документтерин карап чыгат. Азыр жалпы 1711 гектар аныкталды. Бирок бул аянт 2000 гектарга чейин жетиши мүмкүн. Себеби ар бир контурду, тилкени өз-өзүнчө карап чыгуу зарыл", — деди Кенжебаева.

Ал турак жайлар курулуп кеткен айдоо аянттарын тактоо иштери дагы узак убакытка созула тургандыгын кошумчалады.

Өлкө аймагында трансформацияга муктаж болгон жерлердин аянты боюнча Бишкектин четиндеги Аламүдүн жана Сокулук райондору алдыңкы орундарда турат. Мындан сырткары, Ош шаарына жакын калк жашаган аймактар дагы бар. Ал жактагы үлүш ээлери өздөрү же ортомчулар аркылуу бир топ жерлерин турак жай салууга сатып жиберген.

Эске сала кетсек, 2009-жылы Жогорку Кеңеш айдоого жарактуу сугат жерлерди башка категорияга жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизген мыйзам кабыл алган. Жыйынтыгында бул жерлерди башка категорияга же түргө которуу убактылуу токтотулган. Ага карабай жеке турак жайга, жер тилкеге ээ болгусу келген жарандар айыл чарба багытындагы аянттарга өздөрү же ортомчулар аркылуу жер сатып алып өз алдынча үй салууга аракет кылган. Мындай муктаждыктан улам миңдеген гектар айдоо жерге там-таш курулуп, түтүн булаткандар ал мүлкүн мыйзамдаштырууга аракет кылып келген.

"Трансформация" кыймылынын башчысы Бекназар Айталиевдин айтымында, өлкө аймагында трансформация жараянын күткөндөр арбын. 

 

"Мамлекеттик органдар республика аймагында ички миграциядан улам көптөгөн жарандарга чоң шаарларга көчүп келип жатканын эске алышы керек. Азыр жаштар жеке жер тилкеге, турак жайга муктаж болуп жатат. Мыйзам кабыл алынды, эми аны аткаруу жогорку кызматта иштеген аткаминерлердин мойнунда. Көпчүлүк адамдар трансформация маселесинде чоң акча жаткандай ойлошот. Анан карапайым элден акча үмүт кылып, аларды бюрократиялык иштер менен сүйрөбөшү керек" — деди Айталиев.

Мындан сырткары, Айталиев өкмөт калкты арзан социалдык жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган программа кабыл алууга убакыт келгенин айтат.

"Кыргызстандыктар кыйынчылыксыз үй-жайлуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, калк жашаган аймактар, шаарлар горизонталдык эмес, вертикалдык жактан өсөт эле. Муну менен мамлекет миңдеген гектар айдоо жерлерин сактап калмак", — деп кошумчалады кыймылдын башчысы.

КРдеги трансформацияга муктаж болгон жерлерди башка категорияга которуу демилгеси 2014-жылы эле Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлүп, 2018-жылы трансформация боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда 2009-жылга чейин салынган үйлөр гана кирип, өкмөттүн эсеби боюнча 9000 гектардан ашык жерге тиешелүү уруксат кагазы бериле тургандыгы кабарланган. Ошентип эки жолу өзгөртүүгө дуушар болгон мыйзамдардын алкагында 11 миң гектардан ашык айдоо жеринин трансформацияланышы болжолдонууда.

Бирок айрым эксперттер сугат, айдоо аянттардын кескин кыскарып жаткандыгынан чочулоодо. Анткени союз маалында Кыргызстанда бир миллион гектар сугат жер болсо, эгемендүүлүк алгандан кийин бул көрсөткүч 855 миң гектарга чейин түшүп кеткен.

Айыл чарба боюнча серепчи, профессор Жамин Акималиевдин пикиринде, өкмөт айдоо, сугат жерлерди айыл чарбасына тиешеси жок тармактарга бергенди токтотушу керек. 

Депутат легендарного парламента, общественный деятель и ученый Жамин Акималиев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Айыл чарба боюнча серепчи, профессор Жамин Акималиев
"Албетте, элдин турмушуна карашыбыз керек, бизде ички миграция күч, аны менен жерге, үйгө муктаж болгондор өтө көп. Эми мындан ары айдоо, сугат жерлерди айыл чарбасына тиешеси жок тармактарга бергенди токтотпосок болбойт. Айрым адамдар бизде жер көп деп айтышат. Мен бир эле мисалды айтайын, Россияда бир адамга бир гектар, Казакстанда эки гектар айдоо жер туура келет. Бизде болгону бир жаранга 15 сотых, ал эми Кыргызстандын түштүгүндө беш сотыхтан эле тиет. Эгер сугат жерлерди там курууга, стадион салууга бере берсек, элди ким багат деген суроо жаралбай койбойт. Келечекте бизге эч ким жер бербейт. Өкмөт турак жай салганга кайрак, саздак, таштак жерлерден гана бериши керек. Антпесек келечекте өзүбүздү азык-түлүк менен камсыздай албай кыйналып калабыз, азыр деле кыйналып жатабыз", — деп ою менен бөлүштү Акималиев.

Эми аталган мыйзамдардын аткарылышын жер-жерлердеги комиссиялар көзөмөлдөйт. Ал эми өкмөт ал үчүн атайын жобо чыгарып бериши шарт.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20201123/1050533072/kyrgyzstan-zher-transformaciya-masele.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно