Козубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине, учурдагы өлкөнүн энергетика секторунун астында турган милдеттерге даярдыгы жөнүндө маалымат берген.
Анын маалыматы боюнча, бардык ата мекендик энергетика компаниялары пландык оңдоп-түзөө иштерин өз маалында жыйынтыктап, жылытуу сезонуна толугу менен даяр.
Ошону менен бирге 23-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,1 миллиард куб метрди түзөрү белгиленди. Бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз.
Президенттин милдетин аткаруучу Мамытов күз-кыш мезгилинде калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилеген. Ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарына өзгөчө көңүл бурууга чакырган.
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу чакан ГЭСтерди курууга чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча иштерди күчөтүү, ал үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү, иштеп жаткан ГЭСтерди реабилитациялоо жана өлкөнүн жалпы эле энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу керектигине көңүл бурган. Ошондой эле Мамытов энергиянын атаандаш булактарын, анын ичинде күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Мындан сырткары, ал CASA-1000 долбоорунун алкагында бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгилеген.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201123/1050534482/talant-mamytov-ehnergetikalyk-holding.html