Ал эми иш күндөрү адаттагысындай эле календарь менен улана берет.
Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата үч күн катары менен, тагыраагы, 1, 2, 3-январда эс алат. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
"1, 2, 3-январь — эс алуу күндөрү. Ал эми 4, 5, 6-январда иштейбиз. 7-январь — майрам, ал эми 8-январь кадимкидей эле иш күнү",— деп айтылат маалыматта.
Министрликтен быйыл иш күндөрүн жылдырбоону чечкендигин кошумчалашты.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20201204/1050663352/zhany-zhyl-mayramynda-kyrgyzstandyktar-kancha-kun-es-alary-belgil-boldu.html