Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова тастыктады.
Анын айтымында, көпчүлүк депутаттар октябрь айындагы маянасын Ак үйдү оңдоого беришкен. Ал эми ноябрда дагы салттуу түрдө эле айлыктарын алышкан.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201204/1050663636/zhk-deputattary-aylyk-alyp-zhatyshat.html
Белгилей кетсек, буга чейин эл өкүлдөрү кийинки чакырылыш келгенге чейин маяна албай иштөө чечимин кабыл алган болчу.
Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Акылбек Жапаров көпчүлүк парламентарийлердин сунушу менен октябрь айынан тарта айлык албай иштөө макулдашылганын билдирген.