Кадамжайдагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын эки корпустан турган имараты бир жума ичинде пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Баткен облусуна барганда айтылгандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанга берилген гуманитардык каражатка курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты 214 койка-орунга ылайыкталган.
"Имаратты көрүп чыккан соң Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну жана курулушта бардык нормалардын сакталышын, куруучуларга тийиштүү иштөө шартын камсыздоону белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени салууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган.
Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20201207/1050702605/novikov-kadamzhaydagy-oorukananyn-kurulushun-kordu.html