Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:07
Кыргызстан күнүнө Кытайга 60 тонна эт жөнөтө алабы? Министрдин билдирүүсүнө талдоо
16:05
Караколдо 6,6 килограммдык ымыркай төрөлдү
15:49
Балбак Түлөбаев Ак-Өргөнүн 5 гектар жерине парк салына турганын айтты
10:57
Садыр Жапаров өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
10:18
Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды
10:16
Түрмөдө жатып революция жасадым деген Жапаров ийгилигинин сырын ачты
09:57
Жапаров: РФ наркотрафик менен күрөшүүгө учкучсуз башкарылчу эки учак берди
09:55
Транспорт министрлигинин статс-катчысы 2,5 млн. сом төлөп абактан чыкты
09:50
Токаев Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга келип кетүүгө чакырды
15:06
43кө толмок... Бишкекте Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт
15:01
Дүйнөнүн "күчтүү паспорттору". Кыргызстандын рейтингдеги орду
14:12
УКМК "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчисин кармады
15:57
Президент болом деген 4 талапкер бирикти. Себеби жана максаты
17:35
Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз ишке 1 млн. доллар короткону аныкталды
11:51
Прокуратура: "Манас" аэропортунун жетекчилиги өлкөгө 65 млн. сом зыян келтирген
10:45
"Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси Түлөбердиев кармалды
17:56
Башкы прокуратура: 45 млн. сомдук беш жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
17:51
Түркия элчилиги: кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен ачылат
17:55
Эки жашар бөбөк ооруканадан үзүлгөн. Токмоктогу жол кырсыгынан 8 киши көз жумду
17:38
Бишкекте курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты
14:31
Бишкектеги ыш. Артем Новиков ЖЭБди газга өткөрүүнү сунуштады
14:07
Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ?
10:42
Өлкө боюнча канча ИВЛ аппарат, канча концентратор бар экени айтылды
10:33
Ак-Жар конушунун дөңгөлөк өрттөп нааразы болгон тургундары тарады.
10:30
Башкы прокуратура "мас" прокурор боюнча видеону териштирип жатат
10:28
Кыргызстанда Сүт палатасын ачуу пландалууда. Эмне жумуш аткарат
10:14
Жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсү көрсөтүлдү.
10:10
Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жыйын өтүп жатат
17:01
Референдум өткөрүүгө 40 миллиондой сом кетет
14:18
Кыргызстандан кайсы өлкөлөргө учактар учууда? Графиги жана ырааты
17:26
Зордукталган өспүрүм: прокуратура Соодонбековдун чечимин негизсиз деп эсептейт
15:22
КР — АКШ алакасы. ТИМ маалыматка өкүндү, бирок кийлигишпөө боюнча да айтты
15:10
Кыргызстандыктарга Венгрияда бекер билим алууга 150 орун бөлүндү. Шарт-талабы
17:46
Мамлекет жеке тараптарга Бишкекке ипподром салууну сунуштоодо. Жол-жобосу
17:34
Кыргызстан Улуу Британиядан коронавирус вакцинасын алууга жардам сурады
16:36
Кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат.
16:32
Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги гумжардам топтоп өлкөгө жөнөттү
16:31
"Урал аба жолдору" Кыргызстанга РФтин 8 шаарынан учактар каттай турганын айтты
16:28
Россиядан Ысык-Көлгө учак каттай баштады
13:34
Исфанадагы аэропортко Раззаковдун ысымы ыйгарылды.
13:31
Ыкчамдаткыла! Новиков Кадамжайдагы оорукананын курулушун көрдү.
12:33
ЕАЭБде товар алмашууну жакшыртуу боюнча карта иштелип чыкты
13:21
Бишкектин чок ортосундагы эскилиги жеткен 4 имарат түрттүрүлөт.
13:08
"Ак-Жол" өткөрмө бекетинин курулуш иши 68 пайызга аяктады.
13:05
Эмне үчүн Жапаров ырайым берген 230 кишинин тизмеси жарыяланбайт. Расмий жооп
Бардык кабарлар

КР — АКШ алакасы. ТИМ маалыматка өкүндү, бирок кийлигишпөө боюнча да айтты

Жаңылыктар / Аналитика
454
0

ТИМ Кыргыз-америка мамилелери боюнча билдирүүнүн жалпы мазмунун контексттен үзүп алып берилгендигине өкүнгөндүгүн билдирип, бирок башкалардын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөсү туурасында да дагы бир ирет айтты. Бул маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматы таратты.

"Айрым социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары тарабынан ТИМдин 7-декабрдагы кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу билдирүүсүнүн жалпы мазмунун контексттен үзүп алып берилгендигин өкүнүү менен билдиребиз", — деп айтылган билдирүүдө.

Министрлик буга чейин коомчулукка Бишкекте Америка тарап менен жолугушуу болуп, анын жыйынтыгы боюнча коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелери талкуулангандыгын кабарлады.

ТИМ КР Америка тарапка алардын ушул багыттагы кызматташуу боюнча сунушу үчүн ыраазычылык билдирерин, АКШ менен жетишилген макулдашууларды ырааттуу аткарып, министрлик АКШнын элчилигинен резонанстуу иштердин акыйкат тергелишине салым кошо турган материалдарды сурагандыгын да кабарлаган.

"Муну менен катар эле мындай кызматташтык, башка алака-катыштардай эле мамлекеттер аралык принциптердин тиешелүү укуктарынын, нормаларынын катуу сакталышы менен анын алкагында жүргүзүлүшү керек. Башкы, негизги нерселердин бири — суверендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө деп эсептейбиз", — деп билдирген ТИМ.

 

Министрлик кыргыз элинен уурдалган, кылмыш жолу менен алынган мүлктөр кайтарылып берилип, күнөөлүүлөр адилеттүү жазаланууга тийиш экендигинде шек жок деп айткан.

"Бул маселе боюнча Америка тарап менен кызматташуу буга чейин өз жемишин берген. Кыргызстандын элинен уурдалган айрым мүлктөр Кыргызстанга кайтарылган. Учурда америкалык кесиптештер менен биргеликте мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоо жана кайтарып берүү боюнча иштер улантылууда. КР эки тарап мындан да жакшы натыйжаларга жете аларына ишенет", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын мүчөсү болгондуктан Кыргызстандын АКШ гана эмес, башка достук мамиледеги өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга даяр экендиги таратылган маалыматта айтылган.

"Бул билдирүү менен кыргыз тарап өзүнүн ачык позициясын жана жогоруда айтылган маселелер боюнча эл аралык укуктун, улуттук мыйзамдардын чегинде конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин ырастайт. Ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөргө алар тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирет", — деген ТИМ.

Эске салсак, ТИМ мындан бир нече күн мурда АКШ элчилигинин КРдин ички ишине кийлигишип сүйлөгөнү боюнча билдирүүсүн тараткан.

Андан көп өтпөй Бажы мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине илинген. Эки күндөн кийин ал тизмеге Матраимовдун аялы да киргизилген.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201212/1050751462/tim-aksh-tarap-menen-bolgon-zholugushuunun-maalymattary-tuurasynda-aytty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно