Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсүн алды.

Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда бланкаларды, коргоочу элементтерди жана дизайнды текшерүү жүрүп жатат.
Эске салсак, 2020-жылдын 29-майында Мамкаттоо менен германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясынын ортосунда электрондук паспорттордун бланкаларын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Жаңы паспорттордун артыкчылыгы — коргоочу 30 элемент камтылып, электрондук чип жайгашкан.
Ошондой эле заманбап материалдар менен жасалып, жеке маалыматтар лазердик технология менен жазылат.
Жаңы паспортторду 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке киргизүү пландалып жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20201215/1050784255/zhalpy-zharandyk-pasport-ulgu.html