Учурда аталган аймакта абал тынч экени айтылды.
Нааразычылык акциясына чыккан Бишкектин чет жакасындагы Ак-Жар жаңы конушунун жашоочулары тарап, айланма жол ачылды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 15-декабрда, аталган аймактын жашоочулары Ак-Жарда тез-тезден электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп митингге чыгышкан. Алар айланма жолду тосуп, дөңгөлөктөрдүн желимдерин да өрттөшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында чогулгандар тарап, айланма жол ачылган.
Учурда Аламүдүн районунун аймагында абал тынч экени айтылды.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20201215/1050788901/ak-zhar-zhol-achylyp-ehl-tarady.html