Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:33
Авиабилеттер качан арзандайт? Учурдагы абалга жана келечекке саресеп
10:29
ЖК комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды
16:49
Казакстан менен чектешкен жерге логистикалык борбор ачуу пландалууда
16:48
Манас, Абай, Айтматовдун эстеликтери тургузулат. Жапаров менен Токаевдин билдирүүсү
16:46
Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган
16:45
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы
16:40
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен "Ак ордодо" жолукту
16:33
Салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды
15:50
Өкмөт кымбаттап жаткан май менен кумшекерге бирдиктүү баа коюуну сунуштады
15:39
Өлкө аймактарында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачуу пландалууда
15:34
Кыргызстан "COVID-19 жок саякаттайм" платформасына кошулду. Артыкчылыгы
15:31
Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү
17:52
Дем алыш күндөрү Бишкектин үч районунда жарманке өтөт. Азык-түлүктөрдүн баасы
17:50
Кыргызстандагы кендерди мыйзамсыз казууга жол бербөө үчүн жумушчу топ түзүлдү
17:45
Алака жылдардын сыноосунан өткөн. Жапаров Россияда басым жасалчу маселелерди атады
10:22
Таң каласыз! Быйыл ЖОЖго тапшырган студенттер тандаган кесиптердин тизмеси
10:36
Талайбек Бектенов "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болду
10:22
Бишкекте таштанды сорттоочу долбоор ишке кирди.
10:20
Кара-Сууда 500 адамга жумуш берген этти кайра иштетүүчү завод ачылат.
10:18
Жапаров: тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралган эмес
10:17
Садыр Жапаров орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралуу кеп салды
10:07
Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору иштей баштады
10:02
Кыргызстандыктар март айында 10 күн эс алышы мүмкүн
10:00
Дем алыш күндөрү Бишкектин 4 районунда жарманке өтөт. Азык-түлүктүн баасы
09:57
Кыргызстандык куткаруучулар Россияда даярдыктан өтүп келишет
13:46
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев качан өлкөгө кайтары айтылды
13:09
Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
13:04
15 үй, 19 унаа... Кримтөбөл "Дженго" мүлкүн кантип адалдаштырганы аныкталды.
17:51
Өкмөт ЖОЖдордун контракт баасын арзандатууну карап жатат
17:41
Автокатализаторлорду сатууга жана сатып алууга тыюу салынып, айып салуу каралууда
17:36
Фирмасын селсаяктарга каттаган. Финпол коррупциялык схеманы жок кылды.
17:22
Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду
17:15
Президенттик аппарат: карыздан улам ири объектилер Кытайга өтүп кетиши мүмкүн
17:13
УКМК Матраимовго байланыштуу иштер боюнча түшүндүрмө берди
17:08
Шаардык сот Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок
16:58
Жапаров афган согушунун ардагерлерине кайрылуу жолдоду
16:50
Казакстан Кыргызстанга курал-жарак, аскердик техника берди.
16:49
Башкы прокуратура: Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши бар
16:46
Кадыр Маликов муфтияттагы кырдаал боюнча үн катты
16:33
Олимпиада чемпиону Осмоналиев маданият жана спорт министрине кеңешчи болду
17:45
COVID-19га каршы вакциналар жана тукумсуздук боюнча эксперт айтып берди
17:40
КРде илимге жумшалган каражат көбүнесе кайсы булактардан алынат.
17:31
Эрте тыянак чыгарбагыла! Өмүрбек Бабанов атканадан чыккан өрт боюнча үн катты
09:35
Ондогон мүлк, мыйзамсыз лицензия. УКМК Жумалиев эмнеге кармалганын айтты
09:27
Төрткүлдөгү канал Тажикстанга өтүп кеткенби? Өкмөттүн жообу
Бардык кабарлар

Кыргызстан күнүнө Кытайга 60 тонна эт жөнөтө алабы? Министрдин билдирүүсүнө талдоо

Жаңылыктар
436
0

Бул мүмкүнбү же жокпу деген суроонун айланасында Кыргызстан ой жүгүртүп көрдү.

Кыргызстан жылына Кытайга миңдеген тонна эт экспорттойт. Ири сатып алуучулардын арасында бай Эмирлик да бар. Өлкөнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин пландары ушундай.

Кыргызстан редакциясы бул дымактуу долбоорду ишке ашырууга болор-болбосун эксперттерден сурап көрүп, ошону менен бирге эле өлкөнүн дарманын да эске салгысы келди.

Кытайга суткасына 40 тонна эт же Кыргызстан аймактын "эт хабына" айланабы?

Жакында айыл чарба министри Токтогазиев ички запаска жана сырьелук базага гана таянбастан, республикабыз айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү жана сырье боюнча аймактык хабга айлана аларын билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстанга Казакстан, Россия, Монголия, Украина, Беларусь жана башка мамлекеттерден арзан мал сатып алып, Перс булуңундагы өлкөлөргө эт жөнөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле Кытай Эл Республикасына экспорттоо планы да бар.

Министр сельского хозяйства, мелиорации и пищевой промышленности Тилек Токтогазиев на онлайн-брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / АСЕЛЬ СЫДЫКОВА
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев
"Алдын ала эсеп боюнча, Бириккен Араб эмирлигине эле аптасына 40 тоннага дейре, ал эми Кытайга өкмөттөр аралык макулдашууга кол койгонубузда күн сайын 60 тоннага чейин эт экспорттоого болот", — деген божомолдорунан бөлүшкөн министр.

Башкача айтканда, министрдин пикиринде, Эмирликке эле жылына 2 миң тоннадан ашуун, ал эми коңшулаш Кытайга дээрлик 22 миң тоннага чейин эт экспорттоого болот.

Кыргызстанда канча бодо мал бар? Өлкө канча эт өндүрөт?

Биринчи кезекте республикадагы малдын башын баалоо керек.

2019-жылдын аягындагы маалыматтар:

  • ири мүйүздүү (бодо) мал — 1 миллион 681 миң баш, алардын жарымына жакыны уй;
  • чочко — дээрлик 35 миң;
  • кой жана эчки — 6 миллион 267 миң;
  • жылкы — 523 миң.

Ошол жылга эт өндүрүмү 223 миң тоннаны түзгөн.

Мында кыргызстандыктардын эт керектөө көлөмүн да эске алуу зарыл. Ачыгы, мекемелердин маалыматтарында айырма бар. Улуттук статком 2019-жылы ар бир кыргызстандык ай сайын 1,9 килограмм эт жегенин, бул бир жылда дээрлик 23 килограмм экенин билдирет. Айыл чарба министрлигинин 2017-жылы ар бир кыргызстандык жыл сайын орточо 38 килограмм эт жей турганын маалымдаган, ошол эле жылга Улуттук статкомдун маалыматтары боюнча бул көрсөткүч 20 килограммдан бир аз ашат. Бирок кандай болгон күндө да бул аз, анткени өкмөттүн нормативдери боюнча жылына 61 килограмм эт керектөө абзел.

© SPUTNIK / РАМИЛЬ СИТДИКОВ
Ири мүйүздүү (бодо) мал — 1 миллион 681 миң баш, алардын жарымына жакыны уй

Бул маалыматтарга карап калькуляторду колго алалы:

6 миллион 456 миң калкы (былтыркы жылдын башына карата маалымат) бар өлкөдө этти керектөө (Улуттук статкомдун жылына 23 кг деген маалыматына жараша) жылына 150 миң тоннаны, ал эми айыл чарба министринин маалыматтары боюнча (38 кг) 245 миң тоннаны түзөт. Демек, бир эсеп боюнча бир нече миң тонна резерв, башка эсептөөдө таңсыктык жаралат.

Эми экспорт жана импорт жаатында жаңыланган маалыматка көңүл буралы. Максатыбыз — өлкөдө канча бодо мал бар экенин, Кыргызстан чет өлкөдөн сатып алууга муктаждыгын же өзүн өзү камсыздай аларын билүү.

170 тоннага жетпеген эт сатылган

Көрсөткүчтөр өтө эле жупуну. Улуттук статкомдун былтыркы жылдын 10 айына карата маалыматтары боюнча, Кыргызстан 170 тоннадан аз эт саткан:

  • Бириккен Араб Эмирлиги — 1 тонна уй эти жана 72,4 тонна кой эти;
  • Индия — 84 тонна уй эти;
  • Кувейт — 0,5 тонна кой эти;
  • Өзбекстан — 9,4 тонна кой эти.

Ошондой эле 250 миң тонна колбаса, консерваланган жана даяр эт азыктары экспорттолгон. Кыргызстан малдын миң тоннадан ашуун ичеги-карынын да саткан, бирок министр демилгесинде таза эт тууралуу кеп кылууда.

© SPUTNIK / ВЛАДИМИР АСТАПКОВИЧ
Улуттук статкомдун былтыркы жылдын 10 айына карата маалыматтары боюнча, Кыргызстан 170 тоннадан аз эт саткан

Ал эми бодо малды экспорттоо боюнча көрсөткүч көбүрөөк:

  • Жылкы, эшек жана качырлар — 7,7 миң (негизги сатып алуучулар Казакстан жана Кытай);
  • Ири мүйүздүү мал — 10,3 миңден ашуун (негизги сатып алуучулар — Тажикстан жана Өзбекстан);
  • Майда жандык — 33,7 миң (негизги сатып алуучулар — Тажикстан жана Өзбекстан);

Мал экспорту дал былтыр эселеп өскөн. Буга Казакстандан Өзбекстан жана Тажикстанга мал экспорттоого тыюу салынышы себеп болгон. Ошондуктан Кыргызстандан мал сатып алууга суроо-талап келип чыккан. Чындыгында кийин Кыргызстан да тыюу салган, себеби эттин баасы өлкө ичинде кескин кымбаттап кеткен.

Сырттан канча сатып алынды?

Эт импорттоо экспорттон жогору. Өлкө 600 тоннадан ашуун чочко этин жана 250 тоннадан ашык уй этин сатып алган. Тыш жактан кой эти алып келинген эмес. Ошондой эле 1,2 миң тонна колбаса, консерваланган жана даяр эт азыктары импорттолгон.

Малдын импорту экспорттон кыйла аз:

  • Жылкы, эшек жана качырлар — 604 (Казакстан, Польша жана Россия);
  • Ири мүйүздүү мал — 7,3 миң (дээрлик көпчүлүгү Россиядан, ал эми Казакстан, Беларусь жана Австриядан бир аз алып келинген);
  • Майда жандык — 17 баш (Россия).

Ошону менен бирге эле сырттан малдын бир бөлүгү асыл тукум, башкача айтканда, тукум алуу үчүн алып келинерин эске сала кетели.

Кытай жана араб өлкөлөрүнө ортомчулардын кереги жок

Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова министрдин билдирүүсүн шашылыш демилге деп эсептейт, себеби бул долбоор канчалык реалдуу жана кирешелүү деген маселе жаралат. Эсептер жаатында аткарылчу иш арбын.

Председатель ассоциации экспортеров и импортеров Кыргызлэнд Ленара Ниязбекова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова
"Эгер Кытай жана Перс булуңундагы өлкөлөр Беларусь же башка жогоруда саналган өлкөлөрдөн эт сатып алгысы келсе, түз, Кыргызстандын ортомчулугусуз эле сатып алышмак. Ошондой эле Кытай менен араб өлкөлөрү Кыргызстандын өзүнөн, бул жакта багылган малдын этин сатып алууга кызыкдар. Бирок алардын кызыгуусу азыр сатып алууга даяр экендигин туюндурбайт. Маселен, Кытай менен алардын рыногуна эт чыгаруу жөнүндө келишим али түзүлө элек", — деди ал.

Ниязбекова Токтогазиевдин бул билдирүүсү көбүрөөк "хайп" жасоого окшошуп турарын айтат. "Бул жөн гана көңүл бурдуруу, иштеп жатышканын көрсөтүү", — деген баа берет ал.

Ассоциация башчысы Айыл чарба министрлиги мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруп, бул багытта ишти системалаштыруусу зарыл деп эсептейт. Мисалы, өлкөдө бир катар колбаса өндүрүшчүлөрү жергиликтүү малды кымбат деп сырттан сырье сатып алышарын кошумчалады.

Дурус демилге

Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова Кытай жана Перс булуңундагы өлкөлөр эттин ири көлөмүн сурашканын, колубуздагы көлөм аларга туура келбей турганын айтат. Кыргызстанда кайра иштетүүчү ишканалар жетиштүүбү деген да маселе бар. Анан да Кыргызстан деңизге чыга албайт, ал эми мындан логистика, анын ичинде ташуу жана сактоо чыгымдары көз каранды.

Экономист Нургуль Акимова на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова
"Деңизге чыга алган өлкөлөр логистика наркынын 7-12 пайызын чыгымдайт, ал эми Кыргызстанда бул чыгым 25 пайызга көтөрүлөт. Өлкөбүз тоолуу, башкача айтканда, деңиз жолу бар өлкөлөргө караганда биздин өндүрүмдөр кымбатыраак", — деди министрдин кеңешчиси.

Бирок бул маселени сапаттын эсебинен чечүүгө болот, ошондуктан биздеги эт сатып алуучу өлкөлөрдүн коопсуздук стандарттарына шайкеш келүүгө тийиш.

"Көбүрөөк экспорттоо жана кошумча наркын бизде калтыруу демилгесинин өзү жакшы. Бул калктын турмуш шартын жогорулатат. Эгер азыр жаралып жаткан маселелерге оң жооп табылса, анда долбоор ишке ашырылат", — деп белгиледи ал.

Казакстандан мал сатып ала алабызбы?

Эске салсак, былтыр Казакстан Өзбекстан жана Тажикстанга мал сатууга тыюу салган, ошондуктан Кыргызстандан мал сатып алууга суроо-талап жаралган. Бул жаатта серепчилердин пикирлери ар кыл.

Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова Казакстандан мал сатып алууга анча ынана бербейт.

Председатель ассоциации экспортеров и импортеров Кыргызлэнд Ленара Ниязбекова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова
"Кыргызстандан мал сатууга тыюу салынганына карабастан, иш жүзүндө Казакстанга мал аткезчилик жол менен кетип жатат. Казакстандын калкы бизге караганда үч эсе көп, алардын өзүндө эт тартыш. Ошондуктан Кыргызстандан мал сатып алышууда", — деди ал.

Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова бул мүмкүн экенин боолголойт.

Эксперт по экономическим вопросам Нургуль Акимова в офисе ИА Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова
"Эл аралык соодада "камсыздандырылган келишимдер" деген түшүнүк бар. Базар деңгээлинен сапаттуураак, цивилизациялуу баскычка чыгуу абзел. Эмнеге биз товардык-сырьелук базаны баштообуз керек? Анткени ал жакта камсыздоо механизмдери, тандоо жана бааны индекстөө бар", — деди Акимова.

Кеңешчинин айтымында, эгер Айыл чарба министрлигинин башчысы өзү бул ишти колго алган болсо, анда баа, мөөнөт жана көлөмү боюнча кепилдиктерди алууга тырышууга тийиш.

"Ошондо бул маселеде саясат жана чайкоочулук болбойт, андайга жол берилбейт. Келишим бузулса, сотко берип, чоң айып салууга болот. Мындай учурда тараптардын жоопкерчилиги жаралат", — деп белгиледи ал.

Бул Казакстандан Өзбекстан менен Тажикстанга мал сатууга тыюу салынгандай жагдайлардын алдын алууга мүмкүндүк берет.



Дагы: https://sputnik.kg/analytics/20210115/1051115243/kr-kununo-kytajga-60-tonna-eht-tashyj-alaby.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик