Афган согушуна жети миңден ашык кыргызстандык жоокер катышып, 200дөн ашыгы курман болгон.
Президент Садыр Жапаров советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоп, ардагерлердин бүгүн да мекенге кызмат кылып жатканын белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров кайрылуусунда жоокерлер согушуп эле тим болбостон, Афганистанды азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздашып, социалдык объектилерди курганына да токтолгон.
"Афганчы жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарып, өлкөбүздүн ардагердик кыймылынын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Алар өздөрүнүн куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, патриоттук иштерди алып барышып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат", — деп айтылган мамлекет башчынын кайрылуусунда.
Өлкө башчысы эрдиги жана каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон 66 жоокердин катарында кыргызстандык Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар экенин белгилеп кеткен.
Президент бардык афган согушунун ардагерлерине ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, бүгүн совет аскерлери Афганистандан чыгарылып, өз мекенине кайтканына 32 жыл толду. Афган согушуна жети миңден ашык кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын ичинен 233 адам курман болуп, 1500 киши ар кандай жаракат алган.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210215/1051462295/zhaparov-afgan-sogushunun-ardagerlerine-kayryldy.html