Президент Садыр Жапаров Россияга болгон сапарынын алкагында "Слово Кыргызстана" өкмөттүк гезитине маек берип орус тилинин Кыргызстандагы орду тууралу кеп кылды.
Анда мамлекет башчы орус тили заманбап адабиятты жана маданиятты түшүнүүдө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан байланыштын куралы экенин билдирген. Ошол эле учурда мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө бир топ жылыш байкалганын белгилеген. Мисал катары жаштар, ырчылар, актерлор кыргыз тилинде сүйлөп, мыйзамдар жазылып жатканын айтып өттү.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210219/1051512626/sadyr-zhaparov-orus-tili-pikiri.html
"Биз негизги маалыматтарды орус тилинде алабыз. Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек. Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген. Мен президент жана жарандардын укуктары менен эркиндигинин кепилдиги катары бул маселедеги саясий манипуляциялоо аракеттерине чечкиндүү каршы турам", — деди Жапаров.
Ошону менен бирге мамлекет башчы чет тилдерди, айрыкча, англис тилин кошумча үйрөнүү бүгүнкү күндүн талабы, эл аралык баарлашуунун тили экенин баса белгиледи. Андыктан жаш муунду чет тилдерди тереңдетип окууга чакырып өттү