2020-2021-окуу жылында жогорку окуу жайларда педагогика тармагына суроо-талап баарынан жогору болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы окуу жылында 214 миңден ашык адам ЖОЖдордун 1-курсуна кабыл алынса, алардын 24 пайызы окутуучулук кесипти тандады. Андан кийинки орундарда гуманитардык жана социалдык (23 пайыз), медициналык (15 пайыз), экономикалык (12 пайыз) жана техникалык адистиктер (11 пайыз) турат.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210222/1051547796/zhozhgo-tapshyrgan-studentter-tandagan-kesipter.html
Бул көрсөткүчтөр айрым кесиптер жаштар арасында популярдуу болуп бара жатканынан дагы кабар берет. Мисалы, 2016-2017-окуу жылына салыштырмалуу мугалим болгусу келгендердин саны 3,3 эсеге, экономист болгусу келгендердики 2,7 эсеге, медик болгусу келгендердики 2,6 эсеге өскөн. Ошондой эле гуманитардык жана социалдык адистикти тандагандар 1,8 эсеге көбөйгөн.