Жалал-Абаддын жаштарынын коомдогу ордун көтөрүүдө, аларды мекенчилдикке үндөөгө тарбиялаган алгачкы жетекчилердин катарын облустук милициянын башчысы Жеңиш Жоробеков толуктайт. Мындай билдирүүнү Жалал-Абад шаарынын жаш активисти Мухаммед Алибаев билдирди.
Айтымында, облусту жетектегени менен катардагы эле милициядай болгон Жоробековдун жаштардын өсүүсүнө кошкон салымы чоң.
“Акыркы 3 жылдан бери Жалал-Абадда жаштар багытында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп, жаштарды ар тараптан колдоп, мекенчилдикке үндөгөн иш-чаралар көп болду. Анда жаштардын өсүүсүнө багыттаган идеялардын көпчүлүгү Жоробеков тарабынан көрсөтүлүп турганы баарына маалым. Ошол эле тапта жаштарды колдоп, аларга туура тарбия берип, мекенчилдикке үндөөдө да анын салымы жогору. Мисалга алсак, акыркы жылдарда өткөрүлүп жаткан “Мыктыгер” аталышындагы спорттук-аскердик иш-чарасынын арты менен мекенди коргоого кеткен, өз багытын туура тандоого жетишкен курдаштарыбыз да бар”.- дейт активист.
Алибаев өз билдирүүсүндө, өткөн жылдын март айында Аксы районунда болгон Кыргыз-Өзбек чек арасындагы кооптуу жагдайды жөнгө салууда Ж. Жоробековдун аракетин башкаларга салыштырып болбостугун маалымдады.
“2016-жылдын мартындагы Аксыда болгон чек ара чыры элдин эсинен кете элек болсо керек. Ошол кооптуу учурда биздин аскерлердин техникалык коопсуздугу жок, жөнөкөй эле куралчан турушкан. Аскерлерибизге жардам берип, өзбек тарапка өзүбүз каршы чыгабыз деген жергиликтүү тургундарга, жаштарга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аскерлерибизге дем берип, элибиздин ынтымагын арттырып, керек болсо өзбек тарап менен ымала келтирген жетекчи да дал ушул Жоробеков. Анын мындай иш билги экендигинин натыйжасы менен кайсы эл, кайсы жаш туура жолго багыт албасын? Милиция ушундай кадр бар экендиги Кыргыз милициясынын да ИИМдин да кадыры”,- дейт Алибаев.
Эске салсак, акыркы жылдарда милициянын эл менен тыгыз иштегенинин натыйжасы менен 2014-жылы Жалал-Абад жаштары тарабынан милицияга ишеним көрсөтүлүп, “102 МЕН СИЗГЕ ИШЕНЕМ” лозунгу жарыяланган