Бишкек шаарын жашылдандыруу иштери улантылып, калаа аймагына бак-дарактар менен бадалдар отургузулуп жатат.
Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы төмөндөгү көчөлөрдү жашылдандырууда:
- Чүй проспекти (Абдрахманов көчөсүнөн Ауэзовге чейин) — 300 түп эмен жана зараң, 17 түп бадал;
- Куттубаев көчөсүнө 70 кайың, 70 түп бадал;
- Манас проспекти (Бөкөнбаев көчөсүнөн Ахунбаевге чейин) — 56 липа жана 26 зараң;
- Жалпы Ленин районуна 200 түп бадал отургузулду.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери шаарга 1 598 жазы жалбырактуу, 2 135 ийне жалбырактуу жана 437 түп бадал тигилген.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210323/1051867924/bishkek-shaaryna-bak-daraktar-oturguzuluuda.html