Көп өтпөй шаардык мэрия Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевди кызматтан алган.
Бишкек шаарынын Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Айзада Момунова билдирди.
29-марттагы райондук соттун судьясы чыгарган чечимге ылайык, мурдагы акимге карата үй камагына чыгаруу боюнча бөгөт чарасы тандалып, 28-майга чейин деп белгиленген.
Кечээ УКМК Бишкектин райондорунун биринин башчысын шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерге бюджеттик акчаны берген деп кармаган. Акимдин аты-жөнү Ч.Ч. деген инициал менен берилген.
Ушул эле күнү Бишкек шаардык мэриясы Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Мелис Өксөмбаев дайындалганын кабарлаган болчу.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210330/1051945281/chynasyl-chynybaev-uy-kamagyna-chykty.html