Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында (январь-март айларында) 21 миллиард 743 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Мында белгиленген пландан 1 миллиард 320 миллион сомго ашыгы менен жыйналганы белгиленет. Ал эми 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард 658 миллион сомго көп чогулган.
Үч айлык салыктын 17,1 миллиард сому республикалык бюджетке, 4,64 миллиард сому жергиликтүү бюджетке түшкөн.
Дагы: https://sputnik.kg/economy/20210404/1051994852/salyk-kyzmaty-zh-21-7-mlrd-som-chogulttu.html