Мурдагы премьер-министр Темир Сариев быйыл күзүндө болчу президенттик шайлоого катышат. Мындай резолюция “Ак шумкар” партиясынын конференциясында кабыл алынды.
Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Сариев өлкөнү өнүктүрүү программасы бар экенин билдирди. Анын айтымында, программасы мыйзамдуулукту сактоого жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.
Сариев Кыргызстандын жарандары мураскер тандоо жолу менен шайлоо өткөрүүгө жол бербей турганын билдирди. Ошондой эле ал алдыдагы шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.
Конференция жыйынтыгында “Ак шумкар” партиясынын сунушу менен күзүндө өтчү шайлоого Темир Сариевдин талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынды.
54 жаштагы Темир Сариев буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң оппозициянын лидерлеринин бир катары Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2011-жылы Экономика министрлигин жетектеген.
Ал эми 2015-жылы премьер-министрликке дайындалып, былтыр Балыкчы-Корумду жолу боюнча чырга байланыштуу өз каалоосу менен отставкага кеткен.