Жакында Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылында ФАПтын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземге Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Кыдырова, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча өкүлү А.Абдырайимов, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Түштүк аймагы боюнча координатору Р. Абазбеков, Кара-Бак айыл аймагынын башчысынын орун басары З.Темиров, Баткен облустук ҮДБнүн жетекчилиги, медицина кызматкерлери, жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, коомдук мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар медициналык жардам алууга ыңгайлуу шарттардын түзүлүүсүнүн маанилүүлүгүн айтышты. Ошондой эле ФАПтын курулушуна өз салымын кошкон бардык структурага жана жеке инсандарга өз ыраазычылыктарын жана каалоолорун айтышты. Курулушка зор салым кошкон “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткендеги филиалынын кызматкерлери Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Андан соң, айыл аксакалдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар ФАПтын курулушу менен таанышып чыкты.
Маалыматка таянсак, ФАПтын курулушуна 1 961 336 сом, ал эми айыл өкмөтү тарабынан эмеректер менен камсыздоо үчүн 68 000 сом каржыланган. Андан сырткары, ФАП Баткен облустук ҮДБ тарабынан медициналык аппараттар менен камсыздалды. Аткарылган жумуштар чек ара жамааттарында тынчтыкты курууга жана социалдык инфраструктураны жогорулатууга багытталган.
Бул курулуш объектиси “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткендеги филиалынын “Баткен областынын чек ара аймактарында тынчтыкты куруу жана чырчатактарды ортомчулук аркылуу чечүү” долбоорунун алкагында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен курулду.