Жетекчи болгонго чейин Жүктөө-түшүрүү иштерин камсыздоо боюнча филиалдын жетекчиси болгон.
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп Адылбек Адранов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Жарлыкка өкмөт башчы 8-апрель күнү кол койгон.
Адранов "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы эмгек жолун 2010-жылы баштаган. Бул кызматка чейин аталган компаниянын Жүктөө-түшүрүү иштерин камсыздоо боюнча филиалынын жетекчиси болгон. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Ал эми мекеменин буга чейинки жетекчиси Василий Дашков 31-март күнү ээлеген кызматынан бошотулган.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210409/1052061745/kyrgyz-temir-zholu-ishkanasyna-zhany-zhetekchi.html