Пакистан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МИД КР
Пакистан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берди
ТИМ Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги аталган өлкөдөн гуманитардык жардам алуу маселеси боюнча иш жүргүзгөн.
"9-апрелде Исламабадда Пакистандын Чукул кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук комитети элчиликке N95 үлгүсүндөгү беш миң бет кап, коргонуу костюмдары сыяктуу жалпы салмагы 1,4 тонна болгон гуманитардык жардам берди", — деп айтылат маалыматта.
Жардамдын 816 килограмм болгон биринчи бөлүгү 10-апрелде чартердик каттам менен Бишкекке жөнөтүлгөн.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210411/1052083322/pakistan-kyrgyzstan-gumanitardyk-zhardam-berdi-surot.html