Алдыңкы үчтүктө кыргыздар, өзбектер жана орустар турат.
Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ага ылайык, өлкөдө туруктуу жашаган элдин 34 пайызы шаарларга, 66 пайызы айылдарга туура келет.
Калктын 35 пайызын балдар менен өспүрүмдөр түзсө, 57 пайызы эмгекке жарактуу адамдар. Ал эми сегиз пайызы улуу муундагылар.
Кыргызстанда жалпы жонунан 100дөн ашык улут жашайт. Алардын ичинен эң көбү кыргыздар (4 миллион 896 миң, 73 пайыз), өзбектер (985 миң, 14,9 пайыз) жана орустар (341 миң, 5,2 пайыз).