Баткен ОИИБнын ага инспектору милициянын майору Диларам Жолдошбекова облус аймагындагы жержерлердеги мектептерге барып, ал жердеги жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрүнүн иш-аракеттери менен жеринен таанышып чыкты.
Кызыл-Кыя шаарындагы А.С. Пушкин атындагы №4 орто мектебинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору милициянын лейтенанты Д.Абдикаимов айтымында аталган мектепте 8 милициянын жаш жардамчылары менен мектеп коопсуздугун көзөмөлдөйт.
“Бул мектепте 1 923 мектеп окуучулары 2 сменде билим алышат. Мектепте атайын алдын алуу кааналары ачылып, тартип бузган жаш өспүрүмдөр менен өз алдынча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Эгерде мектепте зомбулукка же болбосо рекетчиликке катыштыгы бар фактылар болуп калса, аларды купуя айтыш үчүн бул мектепке ишеним кутучасы да орнотулган. Мугалимдер да ар 6 айда мектеп окуучуларынын мугалимдерге болгон көз карашын жана ошондой эле кылмыштуулуктун канчалык деңгээлде болуп жатканын текшерүү үчүн атайын ананимдик анкеталарды чыгарышып окуучуларга толтуртушат”,-деди Д.Абдыкаимов.