Жогорку Кеңештин депутаты башкы прокурордун 2020-жылга карата отчётун жактырды.
Бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев башкы көзөмөл органынын өткөн жылы жасаган иштери тууралуу маалымат берди. Отчётун кароо учурунда депутаттар бир катар суроолорду узатып жооп алышты.
Отчётту жыйынга катышкан 84 депутаттын баары бир добуштан колдоду.
Соңунда Зулушев кадр маселеси, коррупция, ишкерлерди коргоо сыяктуу бардык сунуштарды эске алуу менен ишин уланта турганын убадалады.
Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210421/1052211887/parlament-bash-prokurordun-otchetun-zhaktyrdy.html