Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Ташиев: чек ара маселеси боюнча май айында Өзбекстандан делегация келет

Жаңылыктар / Аналитика
3 104
0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтөрү күтүлүп жатат.

Ушу тапта өзгөндүктөр Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу 50 гектар жердин берилишине каршы болуп акция өткөрүп жатышат.

 

Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Анда Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилгендигин айткан. Дал ошол жолугушууда азыр коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе каралган. 

Кемпир-Абад суу сактагычы. Архивдик сүрөт

Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болгон эл Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Камчыбек Ташиев менен жолукту.

Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районунда калк менен жолугушуу учурунда айтты.

Ташиев "Куршаб элинин каалоосун четке какпай тургандыгын, элдин талабы эң жогорку талап экендигин айтып, Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербейбиз” деген билдирүү жасады.

"Кемпир-Абадды азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз", — деди Ташиев.

Ал маселе чечилгенин билдирип, нааразычылык билдирип чыккан Өзгөн элин тарап кетүүгө чакырды.

Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын айткан.

 

Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад
маселеси боюнча талкуулар башталган.

Суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунун жашоочулары да нааразычылык акциясына чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.

Бүгүн, 25-апрелде, алар менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадионунда Ташиев жолугушуу өткөрдү.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210425/1052255287/tashiev-kempir-abad-ozbekstanga-berilbej.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно