Фестивалга КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев, КРнын айыл-чарба, тамакаш, өнөр-жай жана мелиорация министири Турдуназир Бекбоев, райондук администрация башчылары, шаар мэрлери Компаньон банкынын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле фестивалга Өзбек Республикасынын Фергана облусунун губернаторунун орун басары жетектеген делегация келди.
Фестивалдын жүрүшүндө жергиликтүү мөмө-жемиштер, тамак-аштын жана колөнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду. Иш чаранын расмий бөлүгүн Кадамжай районунун акими ачып келген коноктор сөз сүйлөдү.
Облус жетекчиси А.Халмурзаев региондун айыл-чарба тармагынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп дүйнөлүк стандарттагы жана анын талабына ылайык айыл-чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү, стандартташтыруу, таңгактоо маселелерине маани берүү менен реалдуу иш аракеттерди жүргүзүүнү баса белгилеп кетти.
Мындан сырткары Фергана облусунун акиминин орун басары сөз сүйлөп, эки эл кылымдар бою достук мамиледе болгонун мындан ары да ынтымак жана эки элдин ортосундагымурда калыптанган соода-сатык мамилелери бекемделээрин белгиледи.
Ошондой эле Компаньон банкынын төрагасынын орун басары Улан Акимканов эл аралык масштабдагы фестивалдын алкагында багбандар менен сатып алуучулардын арасында өнөктөштүк курууга, багбанчылык жана дыйканчылыкта тажрыйба бөлүшүүгө кенен мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, иш чарага Франциядан багбандар келишкенин жана алар алма өстүрүү жана кайра иштетүүдө өздөрүнүн сырлары менен бөлүшүшөөрүн билдирип өттү.
11-Алма эл аралык фестивалы концерттик программа ана түрдүү сынактар менен коштолду.
Бетти даярдаган:
Динара КУРБАНБЕКОВА,
Баткен облусу