Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.
Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындан ары Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот.
"2021-жылдын 31-майынан тарта Түркстан — Бишкек — Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачуу пландалып жатат. Рейстер дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт", — дешти аба майдандан.
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20210507/1052414387/bishkek-turkstan-zhany-rejs-achylat.html