Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Кыргызстандыктарды 5 өлкөнүн президенттери Жеңиш майрамы менен куттуктады

Жаңылыктар
2 624
0

Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Президент РФ Владимир Путин встречает в Кремле глав иностранных государств, приглашенных на военный парад в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
© SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ НИКОЛЬСКИЙ
Россия президенти Владимир Путин
"Бул даңазалуу майрамды белгилөө менен биз нацизмди талкалаган ата-бабаларыбызга таазим этип, сый-урмат көрсөтөбүз. Катаал согуш жылдарында чыңалган достуктун жакшы салттарына таянып, кыргыз-орус союздаш мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайбыз деп ишенем", — деп айтылат Путиндин куттуктоосунда.

Россия президенти Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узак өмүр тилеген.

Кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен коңшу мамлекет Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев куттуктады. 

1 февраля 2020. Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев во время встречи с председателем правительства РФ Михаилом Мишустиным в резиденции президента в Нур-Султане.
© SPUTNIK / АЛЕКСАНДР АСТАФЬЕВ
Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев

"Бул ыйык күндө келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз. Бузулбас достуктун, бир боордоштуктун жана өз ара колдоонун эбактан бери келе жаткан салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого бекем негиз болуп берерине ишенем", — деп жазылат Токаевдин куттуктоосунда.

Жеңиш майрамы менен Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев да куттуктап, жеңишке салым кошкон ата-бабаларга ыраазычылыгын билдирген. 

Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев на заседании Совета глав государств Содружества Независимых Государств (СНГ). 11 октября 2019 года
© SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ ДРУЖИНИН
Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев
"Согуш талааларында каармандык менен салгылашкан, тылда жан аябай эмгектенген ардактуу ардагерлерибизге сый-урмат менен мамиле кылабыз, аларга бүгүнкү ачык асман, бейпил турмуш үчүн ар дайым ыраазыбыз. Жогорку деңгээлдеги диалогубуз ортодо жетишилген макулдашууларды толугу менен жүзөгө ашырууга, түбөлүк достукка, ынак коңшулукка жана стратегиялык өнөктөштүккө кызмат кылат деген ойдомун", —деген Мирзиёев.

Ушундай эле каалоо-тилегин кыргыз элине Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы жолдогон. 

© SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ ДРУЖИНИН
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
"9-Май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достугу, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да эки элдин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем", — деген Рахмон.

Ал Садыр Жапаровго чың ден соолук, жаңы ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалаган. 

11 октября 2019. Президент, председатель кабинета министров Туркмении Гурбангулы Бердымухамедов на заседании Совета глав государств Содружества Независимых Государств (СНГ).
© SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ ДРУЖИНИН
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Жеңиш майрамына карата куттуктоо Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон да келген. Мамлекет башчысы согушта салгылашкан ата-бабалардын эрдигин, эмгегин унутпаш керектигин белгилеп, кыргыз элине тынччылык, бакубатчылык тилеген. 



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210509/1052435051/zhenish-majramy-prezidentter-kuttuktoosu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно