Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:59
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан алынды
19:58
Президент дагы үч министрди – маданият, билим берүү жана транспорт министрлерин кызматтан алды
23:25
Акылбек Жапаров: Баткендеги жабыркаган инфраструктуралар боюнча комиссияны мен жетектейм, менин көзөмөлүмдө
23:24
Өзгөн эли Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен кол койгон протокол тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышты
20:49
Депутаттар 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтөө үчүн комиссия түздү
20:44
Жайында кыргызстандыктар 4.2 млрд сомдук керектөө насыяларын алышты
17:01
Ташиев: Ак-Сайдагы посттун ордуна милициянын пунктун ача турган болдук
16:56
ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды
21:29
УКМК: "Тамдык" кыргыз тараптын көзөмөлүндө, тажик жарандары заставадан чыгарылды
21:28
"Ар бир сантиметр жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек". Садыр Жапаровдун кезектеги маеги
22:37
Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
22:36
Венгрия Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр
22:35
"Кыргызстан улуттук электр тармагына" жаңы директор дайындалды
21:08
Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү – жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат
21:07
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы
21:05
Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти
17:44
Яндекс Go кызматы эми Жалал-Абадда иштей баштады
15:11
ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат
15:10
Мекен чегин коргоо – ыйык милдет. Президент Кыргызстандын элине кайрылуу жасады
03:40
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны өсүп, 59 адамга жетти
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:43
Тажикстандын агрессиясы. 15 жаштагы кыргызстандык набыт болду
20:42
Самаркандда Жапаров менен Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты
16:32
Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту
19:57
Парламентте Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү
19:54
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Кыргызстандын эки жай тургуну жабыркады
19:53
Азимбек Бекназаровдун акимдин орун басары болуп иштеген баласы кармалды
15:00
Маданият министрлиги кыргызстандыктарды ишембиликке катышууга чакырат
14:59
Москвада Кыргызстандын жарандарынын миграциялык көйгөйлөрү талкууланды
14:58
Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты
14:54
Нарын: болжолдуу наркы 100 млн. еврону түзгөн Куланак ГЭСи курулуп жатат
00:17
Москвада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталды
22:47
Инвестор: Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу жакында бүтөт – 400 миң доллар салынды
22:43
Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
22:42
Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
22:40
Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт
17:20
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамы жанданат
00:59
Зеленский менен Блинкен Киевде жолугушту
00:55
Балыкчыда акча уурдоого шектелип, 2 эркек киши кармалды
15:25
Бекешев: банктар ыплас жол менен 10 млрд. сом тапты, пайдасын экономикага салсын
15:22
Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды
15:20
Кыргызстан жыл башынан тартып мамлекеттик карызды төлөөгө 20,5 млрд сом багыттады
15:18
Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды
19:46
Министрлик: Форма кийип келбеген окуучуну эч ким билим алуу укугунан ажырата албайт
Бардык кабарлар

Centerra кыргыз өкмөтүн арбитраж сотуна берерин жана шарттарын айтты

Жаңылыктар / На злобу дня
1 949
0

Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты. Бул маалымат аталган компаниянын сайтына чыкты.

Анда Centerra Gold сот аркылуу кыргыз өкмөтүнө жакында кабыл алынган мыйзамдын алкагында кандайдыр бир чечимдери кабыл алууну улантууга тыюу салууну же анын туунду компаниясы болгон "Кумтөр голд компаниге" жакында салынган айып пул жана салык боюнча доо коюп, артынан түшүүнү токтотууну талап кылары айтылган. Бул өкмөт арабынан Кумтөр кенине салынган инвестициялык макулдашууларды бузгандык болуп саналат деп белгилешкен.

Centerra Gold кыргыз өкмөтүн "Кумтөр голд компани" жана Кумтөр кенине карата жасаган "каршы кадамынан" улам келтирилген чыгым жана зыян үчүн арбитраждык сотто жоопкерчиликке тартууга ниеттенип жатканын билдирген. Алар мындай жолго эки тарап бир макулдашууга келбесе бара тургандыгын айтышкан.

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри төмөнкүлөрдү билдирген.

"Быйылкы жылдан тарта Кыргыз Республикасынын жетекчилиги иштетилип жаткан Кумтөр кенинин негиздерин бузуу үчүн болуп көрбөгөндөй тездик менен иш жүргүздү. Талаштын предмети деп эсептеген маселелердин бардыгы боюнча кызматташуудан баш тартышты. Өкмөттүн бул кылгандарынан улам Centerra Gold Inc. компаниясында өзү (Centerra Gold Inc. – ред.) менен "Кумтөр голд компани" ишканасынын, акционерлерибиздин кызыкчылыгын жана өзүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн арбитраж сотуна кайрылуудан башка жолу калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барам десе, биз мурдагыдай эле ага даярбыз", — деген Скотт Перри.

Иш Стокгольмдо (Швеция) каралып, БУУнун эл аралык соода (ЮНСИТРАЛ) боюнча комиссиясынын эрежелери менен жүргүзүлөрү айтылган.

 

"Тараптарда арбитр боюнча макулдашуу үчүн 28 күн бар, болбосо Centerra Gold Inc. арбитрди белгилөө үчүн Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылат. Макулдашуунун негизинде бул Нью-Йорк штатынын мыйзамдары боюнча жөнгө салынмакчы", — деп билдиришти алар.

 

Компания "Кумтөр голд компанинин" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик компания жана башка мамлекеттик органдар "Кумтөрдүн" кызматкерлерин коркутуп, милиция компаниянын жогорку жетекчилеринин үйүнө барып, мекемени 15-майда тинтүүгө алгандыгын айтышты.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

 

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген.  11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

 

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.


https://sputnik.kg/economy/20210517/1052511976/centerra-kyrgyz-okmotun-arbitrazh-sotuna-bererin-aytty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно