Бишкек аркылуу башка өлкөлөргө учуп кетүү үчүн келген 177 тажик жараны кайра мекенине кайтарылды. Бул маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Би-Би-Сиге ырастады.

"Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен учуп келген тогуз чет элдик жаран өлкөгө киргизилип, тажик жарандары чек арадан өткөрүлгөн жок.

"300 жаран "Манас" аэропортунда калып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. 25-майда Тажикстандан "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын чартердик рейси келген. Анын бортунда 186 жүргүнчү болгон, тогузу чет элдик жарандар, 177 тажик жараны болгон. Кыргыз-тажик чек арасы убактылуу жабылганына байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик жарандарынын өлкөгө кирүүсүн чектеди",- деди "Манас" аба майданынын басма сөз кызматчысы Алия Курбанова.

21-майда Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапканы шейшембиде белгилүү болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов чек ара убактылуу гана жабылганын, бирок кошуна өлкө менен демаркация жана делимитация маселеси толук чечилмейинче чектөө күчүндө кала берерин билдирди.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы 112 чакырымга тете талаштуу аймактар 9-майга чейин такталып бүтүп каларын айткан эле.

Май ичи эки тараптуу топографиялык жумушчу тобу алгач Ош шаарында, андан кийин Душанбеде жолугушуп, протоколдорго кол коюлган. Бирок анын чоо жайы ачыкталган эмес.

Эреже боюнча эми ал протоколдор негизинде келишим кабыл алынып, президенттер кол коюп, ратификациялангандан кийин демаркация иши башталмак. Бирок азырынча андай боло элек.

Ал тапта кыргыз-тажик чек арасындагы чектөөлөрдүн экономикалык кесепети кимге көбүрөөк зыян алып келери тууралуу талкуулар жүрүп жатат.

"Тажикстан менен чек арадагы өткөрмө пункттарыбыз учурда иштебей турат. Бул чектөө кыргыз тарапка экономикалык жагынан чоң деле коркунуч алып келбейт. Бизге буга чейин тапшырмалар берилип, Баткен областындагы бааларга көзөмөл салынып жатат. Азык-түлүк, дары-дармек менен ал жактагы тургундарды камсыздоо боюнча иш жүрүп жатат",- дейт Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров.

Расмий статистикага таянсак, былтыр Кыргызстан Тажикстанга 28 миллион долларга товар экспорттоп, 9,2 миллионго импорттогон. Кошуна өлкөгө майда мал-жандык, цемент, айнек, көмүр, сезондук жашылча жемиш чыгарылса, тажик тараптан эрте бышкан өсүмдүк товарлары жана чек арага жакын Лейлек районуна цемент ташылып келчү.

https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-57238077